Түркияда айымдар арасында волейбол боюнча мелдешти Вакыфбанк утту
Фенербахче Грундигди 3-1 эсебинде утуп алган Вакыфбанк 2015-2016-сезонунда чемпион болду.
481881
Айымдар арасында волейбол боюнча 1-лиганын финал этабында 2-серианын акыркы оюнунда Фенербахче Грундигди 3-1 эсебинде утуп алган Вакыфбанк 2015-2016-сезонунда чемпион болду.
Түркия волейбол федерациясынын спорт залында 3 күн уланган мелдештин акырында 16 баллга жетишкен Вакыфбанк, сезонду чемпион болуп бүтүрдү. Фенербахче Грундиг болсо 11 балл менен экинчи орунду ээледи.
Айымдар арасында волейбол боюнча 1-лиганын 32-сезонунда чемпиондукка жетишкен Вакыфбанк, 9-жолу ушул кубокко ээ болду.