Манчестер Сити менен Реал Мадрид беттешет

Чоң таймаш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

478334
Манчестер Сити менен Реал Мадрид беттешет

УЕФА чемпиондор лигасында бүгүн кечинде Манчестер Сити менен Реал Мадрид жарым финалдагы биринчи оюнун ойношот. Түркия убактысы боюнча саат 21.45те баштала турган чоң таймаш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Чемпиондор лигасында биринчи жолу жарым финалга чыккан Англиянын Манчестер Сити командасы, кубокту эң көп уткан Реал Мадридди «Этихад» стадионунда тосуп алат.  Мелдешти ФИФАнын калыстарынан Жүнейт Чакыр тейлесе, жардамчылары Жем Сатман менен Тарык Онгун болот.



Тектеш кабарлар