Фенербахче менен Реал Мадрид баскетболдо күч сынашат
Фенербахче Реал Мадридди жеңип алып төрттүк финалга жолдомо алгысы келет.
Фенербахче эркектер баскетбол командасы, Түрк аба жолдору Европа лигасынын плей-офф чейрек финалында 19-апрелде шейшемби күнү атаандаш талаасында ойной турган Испания командасы Реал Мадридди жеңген учурунда серияны 3-0гө алып чыгат жана төрттүк финалга жогорулайт.
Борбор шаар Мадриддеги Barclaycard Centerде ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 21:45те башталат.
Фенербахче командасы Мадридден Стамбулга төрттүк финал билетин алып кайтууну каалйт. Стамбулда болгон алгачкы эки оюнда атаандашын 75-69 жана 100-78 упай менен жеңген Фенербахче, жалпы 3 жеңишке жетишкен команда төрттүк финалга жолдомо ала турган серияда, маанилүү үстөмдүгү бар.
Бул беттешүүнү Реал Мадрид жеңген учурунда бул сериянын төртүнчү оюну 21-апрелде ошол эле Мадридде болот.
Фенербахче ал оюнда да жеңишке жетише албаса төрттүк финалга жогорулаган команданы 26-апрелде Стамбулда боло турган оюн сериясынын акыркы беттешүүсү белгилейт.