Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат бүгүн башталат

Чемпионат TRT-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

452609
Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат бүгүн башталат

Жабык имаратта өтүүчү атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат бүгүн (жумадан бейшембиге караган түнү) АКШнын Портленд шаарында башталат.

Эл аралык атлетика федерациялары биримдиги тарабынан уюштурулуп, эркектер жана аялдар арасында жеңил атлетиканын 14 түрү боюнча мелдештер болот. Чемпионатка Түркиядан эки спортчу катышат. Жаш спортчулардан турган Түркиянын улуттук курама командасындагы кыска аралыкка чуркоо боюнча рекортсмен Батухан Алтынташ менен Явуз Жан медаль үчүн ат салышышат. Биринчиси 1985-жылы Францияда өткөрүлгөн чемпионатта эң көп алтын медаль алган өлкөлөрдүн тизмесине караганда, Америка Кошмо Штаттары 101 медаль менен биринчи, 52 медаль алган Орусия экинчи, ал эми 21 медалга ээ болгон Эфиопия үчүнчү орунда турат.

Чемпионат TRT-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар