Баскетболдо кубокту Фенербахче жеңип алды
Фенербахче Галатасарайды 69-61 упай эсебинде утуп алды.
445450
Түркияда Галатасарай жана Фенербахченин ортосунда катуу таймаш менен башталган оюндун 5 мүнөтү 9-9 упай болуп тең бүттү. Андан кийинки бөлүмдөрдө дагы аз ката кылган Фенербахче биринчи чейректи 20-18 упай үстөмдүк менен бүтүрдү.
Экинчи бөлүмдү дагы таасирдүү баштаган Фенербахче 13-мүнөттө айырманы 5ке жеткирди. Ал эми Галатасарай 22-мүнөттө 38-37 упай эсебинде алдыга озуп чыкты. Төртүнчү чейректе болсо Фенербахче кайра алдыга өтүп 49-48 упай болду. Төртүнчү чейректин акырында эки команда 52-52 болуп тең болуп калды. Бүтөөргө эки мүнөт калганда Фенербахче эки жолу 3 упайлык топ салып айырманы 7 упайга чыгарды.
Ошентип Фенербахче Галатасарайды 69-61 упай эсебинде утуп алды жана Түркия кубогун 11-жолу музейине алып кетти.