Кыргызстандын командасы чейрек финалга чыкты

Футзал боюнча Ташкенде өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы чейрек финалга чыкты

432790
Кыргызстандын командасы чейрек финалга чыкты

Футзал боюнча ушул күндөрү Ташкенде өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 14-февралда Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабияны 3:2 эсебинде утуп алды.
Бул күнү тайпалык беттештерде Кыргызстандын атаандаштары - Өзбекстан менен Ливан командалары да ойноп, 2:0 эсебинде өзбек футзалчылары жеңишке жетишти.

3 турдагы беттештерден кийин Өзбекстан 9 упай менен биринчи, Кыргызстан 4 упай топтоп экинчи орунда кийинки айлампага чыгышты.
Эми чейрек финалда Кыргызстан менен Иран командалары беттешет.
Азия чемпиондугунун тайпалык мелдештеринде 16 өлкөнүн улуттук курама командалары төрт тайпага бөлүнүп ойношту. Ар бир тайпада алдыңкы эки орунга ээ болгондор 1/4 финалда беттешет.

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун оюндары 21-февралга чейин уланат. Анда эң мыкты деп табылган төрт команда сентябрда Колумбияда өтө турган дүйнө чемпиондугуна катышат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар