Кыргызстандын курама командасы бүгүн Өзбекстандын командасына каршы ойнойт

Футзал боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.

431466
Кыргызстандын курама командасы бүгүн Өзбекстандын командасына каршы ойнойт

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы бүгүн Азия чемпионатындагы экинчи оюнун Өзбекстандын курама командасына каршы ойнойт. Оюн Ташкентте өтөт.

Азыркы учурда Кыргызстан курама тобунун эсебинде 1 упай бар, аталган мелдеште эң көп 3 упай менен Өзбекстан командасы алдыда келе жатат. Ал биринчи оюнда Сауд Арабия курама тобун жеңип алган.
Кыргызстандыктардын оюнун түз эфирде Бишкек убактысы боюнча 19:45 те КРТК-Спорт каналынан көрө алышат.
Топтор:
А
Өзбекстан
Кыргызстан
Ливан
Сауд Арабиясы
В
Иран
Ирак
Кытай
Иордания
С
Таиланд
Вьетнам
Кытайлык Тайбэй
Тажикистан
D
Япония
Австралия
Малайзия
Катар.
Ар бир топтон мыкты экиден команда чейрек финалда ойнойт.
Аталган мелдештен 5 мыкты команда Колумбияда өтүүчү Дүйнө чемпионаты-2016 да катышууга жолдомо алат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар