Клубдар арасындагы чемпионаттын финалисттери белгилүү болду

Финал мелдештери 20-декабрда өткөрүлөт.

412595
Клубдар арасындагы чемпионаттын финалисттери белгилүү болду

Японияда уланып жаткан ФИФА клубдар арасы Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдары бүгүн ойнолгон жана ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлгөн Барселона-Гуанчжоу Эвергранд таймашы менен аяктады. Турнирде Европа материгинин өкүлү Каталониянын Барселона командасы Азияны өкүлдүк кылган Кытайдын Гуанчжоу командасын 3-0 эсебинде утуп алып финалга чыкты.
Материктердин Чемпиондор лигасынын чемпиондорун беттештирген ФИФА клубдар арасы Дүйнөлүк чемпионатында кечээ ойнолгон оюнда Түштүк Американын өкүлү Вразилиянын Ривер Плейт командасы Япониянын Хиросима командасын 1-0 эсебинде жеңип финалист болду.
Өткөн сезондо Реал Мадрид чемпион болгон кубоктун үчүнчүлүк жана финал мелдештери 20-декабрда Япониянын Хиросима шаарында өткөрүлөт жана ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар