Тхэквондодо Түркия алтын медалга жетишти

57 килограммда Дүрдане Алтунел алтын медаль алды

420363
Тхэквондодо Түркия алтын медалга жетишти

6 - Европа Үмитлер тхэквондо чемпиондугунун экинчи күнүндө аялдар 57 килограммда Дүрдане Алтунел алтын медалга жетишти. Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөрүлгөн чемпиондуктун экинчи күнүндө 4 түрк спортсмен жарышка чыкты.
Биринчи турда матчка катышпастан өткөн экинчи турда Швециядан Никита Гласновичти 1 – 0гө, чейрек финалда грек Анастасия Ирида Галазолуну 15 – 2, жарым финалда Норвегиядан Мария Мангусту 5 – 1ге жеңген Дүрдана Алтунел финалда француз атаандашы Селин Лаургуянды 9 – 1 эсебинде жеңип алып Европа чемпиондугуна жетишти.
Улуттук спортсмендерден аялдар 53 килограммда Фатма Сарыдоган чейрек финалда, эркектер 63 килограммда Юнус Эмре Саян жана 68 килограммда Беркай Акйол болсо экинчи турда атаандаштарына жеңилип оюндан чыкты.
Чемпиондуктун үчүнчү күнүндө эртең, аялдар 62 килограммда Ирем Яман, 67 килограммда Күбра Кыйы, эркектер 74 килограммда Мухаммед Эмин Йылдыз менен 80 килограммда Оркун Атешли медаль үчүн жарышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар