Түрк спортчуларынын ийгилиги

Улуттук спортчулар 16 медаль менен кайтып келишти

361520
Түрк спортчуларынын ийгилиги

Кикбокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта мелдешкен түрк спортчулары 3ү алтын 16 медалга ээ болушту.
Түркиянын Кикбокс Федерациясынын билдирүүсүндө, Сербиянын борбору Белградда өткөрүлгөн кикбокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта ат салышкан улуттук спортчулар 3 алтын, 6 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.
Дуйгу Дуран, Фулья Айчичек жана Нуреттин Дилер алтын медалдын ээси болду.
Искендер Челеби, Селман Йүжел, Ибрахим Телли, Сонер Шен, Самет Кесер, Чигдем Кырвач күмүш, Мевлане Алтунташ, Мелтем Баш, Ирем Акын, Йелиз Коблай, Биннур Сакал, Мүкремин Гүлер жана Ибрахим Баглы болсо коло медаль алышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар