Баскетбол боюнча тандоо оюндары кайсы өлкөлөрдө өтөт?

Турнирлерде биринчи болгон өлкөлөр Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алышат.

359052
Баскетбол боюнча тандоо оюндары кайсы өлкөлөрдө өтөт?

Рио-2016 Олимпиадалык оюндарына карата баскетбол боюнча эркектер жана айымдар категориясындагы тандоо оюндарына жетекчилик кылууну каалаган өлкөлөр белгилүү болду. Эркектер арасында үч башка өлкөдө боло турган мелдештер, айымдарда болсо жалгыз бир өлкөдө өткөрүлөт.
2016-жылдын 13-19-июнь күндөрүнүн аралыгында айымдар арасында өтө турган тандоо оюндары үчүн Франция менен Испания кайрылды. Олимпиада оюндарына беш өлкө катышууга жолдомо ала турган мелдештерде, Аргентина, Беларусь, Камерун, Кытай, Куба, Франция, Корея, Жаңы Зеландия, Нигерия, Испания, Түркия жана Венесуэла ат салышат.
2016-жылдын 4-10-июль күндөрүнүн аралыгында эркектер арасында өтө турган тандоо оюндары үчүн болсо Чех Республикасы, Германия, Греция, Иран, Израиль, Италия, Мексика, Филиппин, Сербия жана Түркия кайрылды. Үч башка өлкөдө өтө турган турнирлерде биринчи болгон өлкөлөр Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар