Ат үстүндө найза сайыш

Ат үстүндө найза сайыш-2015 чемпиондугунун чейрек финал мелдеши өттү.

389746
Ат үстүндө найза сайыш

Атадан калган спорт найза сайыштын өкүлдөрү жарым финалга катышуу үчүн күч сынашты.
Балыкесирдин Сындыргы районунда Ат үстүндө найза сайыш-2015 Түркия чемпиондугунун чейрек финалы өткөрүлдү.
Көргөндөр дагы, спортчулар дагы кызуу таймашта абдан толкунданышты.
Түрктөрдүн Орто Азиядан Анадолуга алып келген найза сайыш спортуна кызыгуу акыркы жылдарда барган сайын баралына келүүдө.
Салттык спорт тармактары федерациясынын Балыкесирдин Сындыргы районунда уюштурган Ат үстүндө найза сайыш-2015 Түркия чемпиондугунун чейрек финал мелдешинде Эрзинжан, Малатия, Ушак жана Манисадан катышкан командалар күч сынашты.
Добулбас сурнайдын коштоосунда өткөн мелдештер чоң кызыгуу жаратты.
Үч күн уланган мелдештердин акырында Ушак областынын найза сайыш боюнча спорт клубу жарым финалга катышууга жолдомо алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар