Таха Акгүл алтын медалга жетишти
1 - Европа оюндарында кечээ тхэквондодо болсо Нур Татар коло медалга жетишти
Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн 1 - Европа оюндарында эркектер эркин стиль 125 килограммда беттешкен улуттук күрөшчү Таха Акгүл финалда белорусиялык Алексей Шемаровду жеңип алтын медалга жетишти.
Дүйнө жана Европа чемпиону Акгүл беттешүүнү 3 – 0го жеңип алып Рыза Каяалптан кийин Түркияга күрөштөгү экинчи алтын медалды алып берди. Акгүл кечээки сеанста биринчи турда азербайжандык Жемаледдин Магомедовду 3 – 1ге, чейрек финалда польшалык Роберт Баранды, жарым финалда да словак Сослан Гаглоевди жеңип алып атын финалга жаздырган. 70 килограммдык күрөштө күрөшкөн Якуп Гөк да коло медалга жетишти.
1 - Европа оюндарында кечээ тхэквондодо болсо Нур Татар коло медалга жетишти.
Тектеш кабарлар
Супер лигада сезон жыйынтыкталды
Галатасарай конокто TÜMOSAN Коньяспорду 3-1 эсебинде жеңип чемпиондукту алды.