Түрк командасы Болгарияны жеңди

А Улуттук курама командасы эми Казакстан менен таймашат.

297560
Түрк командасы Болгарияны жеңди


Түркиянын А Улуттук курама командасы Стамбулдагы "Касымпаша Режеп Таййип Эрдоган" стадионунда Болгария менен таймашты.
Түрк командасы атайын мелдеште атаандашын экинчи жарымда киргизилген голдор менен 4-0 эсебинде утуп алды.
Түркиянын голдорун 49чу жана 54чү мүнөттөрдө Хакан Чалханоглу, 56чы жана 80чи мүнөттөрдө Бурак Йылмаз киргизишти.
А Улуттук курама командасы 2016-жылы өтүүчү Европа чемпионатынын тандоо оюндарында «А» тайпасында 12-июнь жума күнү атаандаштын талаасында Казакстан менен ойнойт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар