Жеңил атлетика боюнча мелдештер өтөт

Мелдештер ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

294798
Жеңил атлетика боюнча мелдештер өтөт

Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпиондуктан кийин жылдыз атлеттер эң көп күч сынашкан үчүнчү иш-чара катары билинген жеңил атлетиканын эң престиждүү сериясы Даймонд Лиганын алтынчы сезону бүгүн Англияда боло турган жарыштар менен уланат. Уюштуруу ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
2015-жылдын Даймонд Лига календарында 5-этап жарыштары Бирмингемдеги «Александр» стадионунда өткөрүлөт. Түркия убактысы боюнча саат 17:00де баштала турган жарыштарга арасында Грег Рутерфорд, Кристиан Тейлор, Эллисон Феликс жана Мо Фарах сыяктуу дүйнөгө таанымал 14 олимпиада жана 27 дүйнө чемпиону катышат.
Даймонд Лигада 14 бөлүмдөн турган сезон 7-июнь, Осло Норвегия-11-июнь, Нью-Йорк АКШ-13-июнь, Париж Франция-4-июль, Лозанна Швейцария-9-июль, Монако Монако-17-июль, Лондон Англия-24-25-июль, Стокгольм Швейия-30-июль, Цюрих Швейцария-3-сентябрь таймашууларынан кийин Брюссел Бельгия-11 сентябрда финал этабы менен соңуна чыгат.
Жарыштар жыл бою ТРТ экрандарынан берилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар