Түрк айымдарынын ийгилиги
Түркиянын волейбол боюнча А улуттук курама командасы чемпион болду.
300214
Швейцариянын Монтрё шаарында өткөрүлгөн 30- Монтрё Masters турниринде Японияны 3-2 эсебинде утуп алган Түркиянын волейбол боюнча А улуттук курама командасы турнирдеги алгачкы чемпиондугуна ээ болду.
Түрк командасы кечээ финалда 2011-жылдын чемпиону Япония менен таймашты.
Финалда Японияны 3-2 эсебинде жеңген Түркия турнирди биринчи жолу алтын медаль менен аяктады.
Турнирде Япония күмүш, ал эми үчүнчүлүк мелдешинде Орусияны утуп алган Нидерландия болсо коло медалга ээ болду.