Түркияда велосипед жарыштары жүрүп жатат

Турдун аяктаарына бир күн калганда жетинчи этап жарышылды.

259604
Түркияда велосипед жарыштары жүрүп жатат

Түркияда Президенттик велосипед турунда финишке аз калды.
Турдун аяктаар күнүнө бир күн калганда жетинчи этап жарышылды.
Селчукта башталган жарыш Измирдин Каршыяка районунда аяктады.
154 велосипедчи өйдө-төмөн 166 чакырымдык жолдордо күч сынашты...
Дүйнөнүн эң мыкты велосипедчилеринен британиялык Марк Кавендиш бул аймакта 1 мүнөттөй артта калса да, Etixx Quickstep командасы Кавендишти алдыга сүрөп чыгара алды. Ушундайча Кавендиш үчүнчү этап жеңишине жетишти.Британиялык велосипедчи 3 саат 59 мүнөт 49 секунддук даражасы менен Түркия турларындагы жетинчи этап жеңишине ээ болду.
Жалпы эсептөөнүн алдыңкысы хорват велосипедчи Кристиан Дурасек болсо акыркы километрлерде дөңгөлгү жарылса да Туркуаз формасын коргоп кала алды.
Президенттик велосипед турунун акыркы күнүндө 124 чакырымдык Стамбул-Стамбул этабы жарышылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар