Пынар Каршыяка-Гран Канария мелдеши ТРТда түз көрсөтүлөт

Пынар Каршыяка менен Гран-Канариянын ортосундагы мелдеш бүгүн 20.45те башталат.

281103
Пынар Каршыяка-Гран Канария мелдеши ТРТда түз көрсөтүлөт

Еврокубокто чейрек финалдагы биринчи таймашында атаандаштын талаасында Испаниянын Гран-Канария командасына 76-66 эсебинде утулуп калган Пынар Каршыяка реванш оюнун бүгүн кечинде атаандашы менен Измирде ойнойт.Түркия убактысы боюнча 20:45те баштала турган Пынар Каршыяка-Гран Канария мелдеши ТРТ-Спор каналынан түз көрсөтүлөт.
Пынар Каршыяка жарым финалга чыга алуусу үчүн атаандашын эң жок дегенде 11 упай айырма менен жеңиши керек. «Каршыяка Спор» залында өтө турган таймашта Саша Пукл (Словения), Спирос Гконтас (Греция) жана Марчин Ковальски (Польша) калыстык кылышат.
Пынар Каршыяка жарым финалга чыккан учурда эки орус командасы УНИКС Казан менен Локомотив Кубандын ортосундагы мелдештин жеңүүчүсү менен таймашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар