Мухаммед Алинин мээлейлери сатылды

Мухаммед Алинин мээлейлери Нью-Йоркто болгон аукциондо 956 миң Америка долларына сатылды.

228122
Мухаммед Алинин мээлейлери сатылды

Мухаммед Алинин 1965-жылы 25-майда Льюистондо Сонни Листонду жеңип алган оюнда кийген мээлейлерди Нью-Йоркто болгон аукциондо 956 миң Америка долларына аты аталбаган бир коллекционерге сатылды.
Кассиус Клей деген ат менен жарык дүйнөгө келген жана 1960-жылы Рим олимпиадаларында АКШга оор салмакта алтын медал алып берген атактуу спортчу Malcom X да арасында болгон «Nation of Islamдын» мүчөсү болуп исламды тандаган жана аукциондо сатылган мээлейлерди кийген беттешүүдө алгач ирет Мухаммед Али аты менен чыккан. Али 1995-жылы аты аталган беттешүүнүн 30-жылдыгы үчүн келген Льюистондо мээлейлерге кол койгон.
Мухаммед Али биринчи эле раундда урган жана залдагы абдан кылдат бир канча кишиден тышкары эч ким көрбөгөн «элес муштум» менен жеңип алган беттешүүдө, бир жыл мурда 22 жашында ошол эле Листонду жеңип алган оор салмакта дүйнө чемпиондугу наамын коргоп калган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар