Синхрондук сүзүү боюнча тандоо мелдештери башталды

Мелдештерге 115 спортчу катышууда.

218037
Синхрондук сүзүү боюнча тандоо мелдештери башталды

1-Европа олимпиадалык оюндарынын синхрондук сүзүү боюнча тандоо жарыштары Стамбулда башталды.
Мелдештерге Түркия менен катар Германия, Венгрия, Чехия, Англия, Беларусь, Лихтенштейн, Франция, Польша, Болгария, Австрия, Словакия, Нидерландия жана Израилдин улуттук командаларынан 115 спортчу катышууда.
Азербайжандын борбору Бакуда 12-28-июнда өткөрүлө турган 1-Европа олимпиадалык оюндарына квота бере турган тандоо мелдештери 15-февраль жекшемби күнүнө чейин уланат жана чемпионатта орун ала турган синхрондук сууда сүзүү боюнча курама командалары белгилүү болот.
Машыктыруучу Натали Мащуктун жетекчилигиндеги Түркиянын синхрондук сууда сүзүү боюнча курама командасы Европа оюндарына бара алуу үчүн тандоолордон өтүүгө аракет кылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар