Түрк командаларынын ийгилиги
Еврокубоктогу мелдештер уланууда.
174928
Еврокубокто Түркияны өкүлдүк кылган үч команда тең кечээки таймаштарда жеңишке жетишти.
«Е» тайпасында Ванвит өз талаасында Румыниянын CSU Asesoft командасын 81-66 упай эсебинде утуп алды жана тайпасында лидер болду.
Бешикташ İntegral Forex командасы «Д» тайпасынын үчүнчү жумадагы таймашында Орусиянын Химки командасын 66-64 упай эсебинде утту жана 2 жеңиш 1 жеңилүүсү менен тайпасында үчүнчү болду.
ТРТ каналдарында да түз эфирде көргөзүлгөн «Ф» тайпасындагы мелдеште Пынар Каршыяка командасы атаандаштын талаасында Латвиянын Вентспилс командасын 81-72 упай эсебинде утуп алып тайпасында экинчи орунду ээледи.
Еврокубокто төртүнчү жумадагы мелдештер 4-5-ноябрда өткөрүлөт.