Волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталууда
Кыз-келиндер арасында волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт.
Эл аралык Волейбол Федерациясы тарабынан уюштурулган кыз-келиндер арасында волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Италияда бүгүн ойноло турган мелдештер менен башталууда.
12-октябрда аяктай турган турнирдеги таймаштар Бари, Милан, Модена, Рим, Триест жана Веронада өткөрүлөт.
Бразилия, Сербия, Болгария, Камерун жана Канада менен чогуу чемпиондуктун эң күчтүү тобу катары эсептелген «Б» тайпасында орун алган түрк улуттук курама командасы бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 18:00де биринчи оюнун Сербия менен ойнойт.
Турнирдин эрежелерине ылайык биринчи турда алтыдан команда орун ала турган А, Б, С жана Д тайпаларында алгачкы төрт орунду ээлеген өлкөлөр экинчи турга чыгышат.
Тектеш кабарлар
Эрдогандан Эргин Атаманга куттуктоо
Эрдоган 26-апрелде да Эргин Атаманга телефон чалып колдоосун билдирген.
Кыргызстан Анкарадагы КМШ элчиликтеринин турнирин жеңип алды
Турнир Орусиянын Анкарадагы элчилигинин футбол аянтчасында болуп, ага 6 команда катышты.