Супер кубок пенальти менен аяктады

Фенербахче Галатасарайды 3-2 эсебинде утуп алды.

103501
Супер кубок пенальти менен аяктады

Фенербахче Манисадагы 19-Май стадионунда Галатасарай менен беттешип 3-2 эсебинде утуп алды жана Түркия Футбол федерациясынын Супер кубогун жеңип алды.
Нормалдуу убактысы 0-0 менен аяктаган беттешүүдө Фенербахче сан жеткис гол мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алган жок. Ал эми Галатасарайдын дарбазачысы Фернандо Муслера көп жолу Фенербахченин таасирдүү топторун дарбазага киргизбей тосуп койду.
Кошумча убакыттарда да гол кирбеген соң оюн пенальтиге өттү.
Галатасарайдан Йекта Куртулуш, Селчук Инан жана Фелипе Мело пенальти тебүүлөрүн киргизе албай калышты, Бурак Йылмаз менен Олжан Адын киргизди.
Фенербахчеде болсо Раул Меирелес, Микал Кадлег жана Дирк Кайттын пенальти тебүүлөрү кирсе, Мехмет Топуз жана Жанер Эркиндин тепкен топторун Муслера тосуп койду.
Ошентип Фенербахче акыркы 2 жылдан бери финалда жеңилген Галатасарайды пенальтилерде 3-2 эсебинде жеңип алып үчүнчү жолу Супер кубокту музейине алып кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар