Дүйнөлүк кубок үчүн даярдык мелдештер уланууда
Түркиянын баскетбол боюнча курама командасы бүгүн Греция менен таймашат.
99230
2014 ФИБА Дүйнөлүк кубокко даярданган Түркиянын баскетбол боюнча эркектерден турган А улуттук курама командасы Греция менен реванш оюнунда таймашат.
Стамбулдагы Фенербахче Үлкер Спортс Аренада өткөрүлө турган мелдеш бүгүн кечинде саат 21:00де башталат.
Афинадагы биринчи таймашта 70-56 эсебинде утулуп калган түрк командасы, Грецияны сөзсүз жеңүүнү каалайт.
Дүйнөлүк кубокко даярдыктардын алкагында ушул учурга чейин 7 даярдык мелдешти өткөргөн улуттук команда Пуэрто-Рикону гана утуп алган.
Испанияда өтө турган Европа чемпионаты 30-августта башталат.