Дүйнөлүк кубокто үчүнчү күн

Сабри Лямуши, Дрогбанын командага күч кошконун белгилеп жеңишке жетүүдө анын чоң үлүшү болгонун айтты.

95763
Дүйнөлүк кубокто үчүнчү күн

Дүйнөлүк кубок-2014түн С тобунун экчинчи оюнунуда Африка материгинен Кот’д Ивуар менен Азия өкүлү Япония беттешти. Япония оюндун биринчи жарымын Кеисукенин 16-мүнөттө киргизген голу менен алдыда бүтүрдү. Дидье Дрогбанын 63-мүнөттө оюнга кириши менен күчтөнгөн Кот’д Ивуар Вильфрид Бонинин 64-мүнөттө жана Жервиньонун 66-мүнөттө киргизген голдору менен Япониядан озуп өттү.
Оюндан кийинки маалымат жыйынында сөз алган Кот’д Ивуар командасынын машыктыруучусу Сабри Лямуши, Дрогбанын командага күч кошконун белгилеп жеңишке жетүүдө анын чоң үлүшү болгонун айтты.
Ийгиликтүү чабуулчунун запаста турушунун бир аз стратегиялык жана бир аз да анын ден-соолугуна байланыштуу тандоо болгонун белгилеген машыктыруучу Сабри Лямуши, Дрогба сыяктуу капитан командабыз болгону үчүн кубанабыз, «ал оюнга киргенде талаадагы атмосфера алмашты»,-деди.
Дүйнөлүк кубокто кечээки оюндардын жыйынтыктары мындай; Италия 2-Англия 1, Коста Рика 3-Уругвай 1, Колумбия 3-Греция 0.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар