Орто кылымдагы түрк дөөлөттөрүнүн тили жана адабияты

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-5

2122812
Орто кылымдагы түрк дөөлөттөрүнүн тили жана адабияты

         Урматтуу окурмандар! «Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр» программабыздын бул жолку чыгарылышында орто кылымдагы түрк мамлекеттеринде тил жана адабияттын колдонулушу, маанилүү инсандар жана алардын чыгармалары тууралуу кеп салабыз. 

        Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында түрк тили эски, орто жана жаңы доор деп үч мезгилге бөлүнгөн. Орто доор деп аталган мезгил, Караханид түрк доору, тактап айтканда, 10-15-кылымдарды камтыган доорго берилген ат болуп саналат. Тарыхый көз караштан алганда, орто кылымдын эң маанилүү бурулуш учуру түрктөрдүн исламды мамлекеттик дин катары кабыл алышы болгон. Ислам дининин жаралышына 300-350 жыл болгондон кийин - ислам дини Сирияга, Египетке, Түндүк Африкага, Испанияга, Месопотамияга, Иранга жана жарым-жартылай Азербайжан менен Батыш Түркстанга тараган. 300 жылдын ичинде ислам дининин принциптерине негизделген жаңы цивилизация пайда болгон. Бул цивилизацияны кабыл алган биринчи мусулман түрк мамлекети Идил-Булгар мамлекети болгон. Бирок, Волга булгарларынын исламды кабыл алышы башка түрктөргө көп деле таасирин тийгизген эмес. Ошол мезгилдеги түрк дүйнөсүнүн борбордук мамлекети Карахандар мамлекети болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда, 10-кылымдын орто ченинде Карахандардын башкаруучусу Сатук Бугра хан мусулман болгон. Бул Түрк дүйнөсү үчүн чоң бурулуш катарында каралат. Сатук Бугра хандын элинин көпчүлүгү бул жаңы динди кабыл алышкан. 10-кылымдын орто ченинде Сейхун урууларында жашаган жүз миңдеген огуздар мусулман болушкан. Эң жыш түрк урууларынын бири болгон огуз элинин көбү Карахандардын курамындагы карлук, йагма, чигил, тохси уруулары, түндүк-батышта Булгарлар ислам динин кабыл алышкан. Ал эми талаада жашаган уйгурлар, Иртышты бойлогон кимектер, Енисейди бойлогон кыргыздар ал учурда али мусулмандыкты кабыл алган эмес. Уйгурлар будизм жана манихейизм динине тутунган болсо, башкалары эски түрк динин улантышкан.

            Дин менен бирге улуу цивилизацияны кабыл алган Түрк дүйнөсүнүн жазма тили негизинен араб жана перс тилдеринде болгон. Илимий эмгектерде араб тили, адабий чыгармаларда перс тили үстөмдүк кылган. Ошондой эле мамлекеттик иштерде араб жана перс тилдери колдонулган. Мунун натыйжасында ошол доордун улуу акындары жана окумуштуулары чыгармаларынын көбүн араб, перс тилдеринде жазышкан. Муну менен катар, түрк тилинде жазылган Карахандар доорунан бүгүнкү күнгө чейин жеткен абдан маанилүү чыгармаларды да көрүүгө болот. Булар – Ислам түрк адабиятынын белгилүү алгачкы көлөмдүү чыгармасы Жусуп Баласагындын «Кут алчу билими»; Түрк тилинин алгачкы белгилүү сөздүгү Махмуд Кашкаринин «Түрк тилдеринин сөздүгү» китеби; алгачкы Куран котормолору; Эдиб Ахмед Йүкнекинин насаат жана адеп китеби болгон «Акыйкатын эшиги» аттуу эмгеги жана бир канча укуктук документтери; Кул Кожо Акматтын жана анын шакирттери жазган «Насыяттар жыйнагы» ырлары түзөт. Чыгармалардан байкалып тургандай эле араб жана перс тилдеринин таасиринин чоң экенин көрүп, Махмут Кашкари сөздүгүн арабдарга түрк тилин үйрөтүү максатында жазганын айтат. Жусуп Баласагын «Кут алчу билими» китеби түрк тилинин 11-кылымда илимий тил катары колдонулганын көрсөткөн эң чоң күбө болуп саналат. Эдиб Ахмеддин «Акыйкатын эшиги» китеби толугу менен насаат стилинде, максатына ылайык жазылган. Кул Кожо Акматтын улуулугу, “Йесевий” агымын түптөп, таалим-тарбиялык багыты жана жазган ырлары аркылуу көчмөн түрк элине Исламды жөнөкөй түрдө түшүндүрүп берген. Кул Кожо Акмат жана анын шакирттери түрктөрдүн Исламды татаал тилден алыс, жөнөкөй жол менен кабыл алуусунда жана амал кылуусунда абдан маанилүү роль ойногон. 11-кылымда Жаркентте араб жана уйгур тамгалары менен жазылган сот документтерин көрүүгө болот. Мында адабият эмес, тил жана укук тарыхы камтылган. Ошол эле кылымдагы Куран котормолоруна келсек, алардын бири Стамбулдагы Түрк-Ислам искусствосу музейинде, экинчиси Лондондо, үчүнчүсү Санкт-Петербургда, түрк тили жана дин тарыхы темасы менен сакталып келет. Мына жогоруда айтылган, ушул күнгө жеткен байлыгыбыз, эски түрк тилин тастыктаган тарыхый барактар түрк дүйнөсүнүн тилин изилдөөдө морфология, лексикология жана семантика жагынан бай материалды түзүшөт.

        11-12-кылымдарда жазылган бул эмгектердин баарын эске алганда ислам динин кабыл алган түрктөрдүн алгачкы дини, укугу, саясат таануусу, социологиясы, сөздүгү, грамматика жана адабият тексттери биз айтып өткөн орто доор Карахандар доорунда жаралганын тастыктайт. Орто кылымдарда түрк тилинде өз эмгектерин калтырган жана түрк элине кызмат кылган жогоруда аттары аталган улуу инсандар жана башка көптөгөн биз аты-жөнүн билбеген аалымдардын аркасынан бүгүнкү түрк дүйнөсүнүн колдонгон эне тили учурдагы күч-кубатына жетти деп айта алабыз. 

                Бүгүнкү программада орто кылымдардагы түрк тили жана адабияты тууралуу кыскача маалымат берилди.

ТРТТүркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган:  Назгүл Кадырова  

KAYNAKLAR:

1. Ercilasun, Ahmet. B. (2007). Makaleler. Dil-Destan-Tarih-Edebiyat. (Yay. Hazırlayan Ekrem Arıkoğlu), Ankara.

2. Sümer, F. (1958). X. Yüzyılda Oğuzlar. Ankara Üniversitesi Dil-Tarih ve Coğrafya Fakültesi Dergisi, 16 (3-4), 131-163.s

3. Koç, D. (2010). Rus Kaynaklarına Göre İlk Müslüman Türk Devleti: İtil Bulgar Devleti. (Doktora Tezi). İstanbul.



Тектеш кабарлар