Сакариянын тараклы угут таттуусу

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-67

2074001
Сакариянын тараклы угут таттуусу

Сакариянын Тараклы угут таттуусу

Катталган күнү: 27.07.2021

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги шаары Сакариянын Тараклы району абдан нукура таттуунун мекени. Өнгөн буудайдан жасалган «Тараклы угут таттуусу» 2021-жылы Сакариянын Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Бул таттууну жасоодо алгач аймакта өстүрүлгөн буудай белгилүү температура жана нымдуулук чөйрөсүндө өнүүсү камсыздалат. Өнгөн буудай маал-маалы менен аралаштырылып турат. Өндүрүштүн ар бир этабында чеберчиликти талап кылган таттуу үчүн өнгөн буудай жаргылчакка тартылып, жыгач балка менен майдаланат жана ширеси чыпкаланып алынат. Бул ширеге бир аз суу кошулуп, жакшылап аралаштырылат. 5 килограмм буудайга болжол менен жарым килограмм суу кошулуп, бул аралашма чоң жез казанда оттун табында кайнатылат. Быламык сымал болгондо аралашмага бир аз буудай уну кошулат. Кайнатуу процесси, суюк аралашма коюуланганга чейин уланат. Бул этаптан кийин Тараклы угут таттуусунун түсү карарат жана айнек идиштерге ысык куюлат. Өндүрүш баскычында эч кандай кант же химиялык таттуу заттар колдонулбагандыктан буудайдын табигый даамы таттууга өзүнүн өзгөчө жытын берет. Хыдыреллез иш-чаралары, үйлөнүү үлпөттөрү, майрамдар сыяктуу маанилүү күндөрдө жасалган угут таттуусу күн нуру тийбеген салкын жана кургак жерде 12 ай сакталат. Банканын капкагы ачылгандан кийин аны 15 күндүн ичинде бүтүрүү керек.



Тектеш кабарлар