Чанаккаленин Ышыкели нокот кофеси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-64

2070973
Чанаккаленин Ышыкели нокот кофеси

Чанаккаленин Ышыкели нокот кофеси

Катталган күнү: 07.08.2023  

Түркиянын тарыхый шаары Чанаккаленин Бига районуна караштуу Ышыкели айылы кофеинди камтыбаганы менен белгилүү болгон кофенин абдан өзгөчө бир түрүнүн мекени. 2023-жылдагы кайрылуу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн арасына кирген Ышыкели нокот кофеси аймакта өстүрүлгөн нокоттордун 250 Цельсийде куурулуп, абдан майда тартылышы менен өндүрүлөт. Кофенин негизги азыгы болгон нокоттор «сары нокот» деп аталган кичинекей нокоттор болуп саналат. Бышыруудан мурун күкүм түрүндө болгон Ышыкели нокот кофесинин курамында белок жана май бар бирок кофеин жок. Ошондуктан, кофеин менен шартталган көз карандылык сыяктуу ден соолук көйгөйлөрүнө алып келбейт. Ышыкели нокот кофеси тамак-аш содасы жана суу менен жай отто 10 мүнөт бышырылып даярдалат. Салттуу түрдө шекерсиз жасалган кофе менен бирге данексиз мейиз тартууланат. Азыркы учурда болсо көбүнчө локум же шоколад менен берилет.



Тектеш кабарлар