Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-64

2065298
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрь күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Катардын мурдагы премьер-министри Хамад бин Жасим аль-Танини кабыл алды. Жолугушууда Өзбекстанга тартыла турган биргелешкен инвестиция маселеси талкууланды.

8-9-ноябрь күндөрү Ташкентте Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 16-саммити болуп өттү. Саммитке Азербайжандын, Ирандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Түркиянын президенттери, Казакстандын жана Пакистандын премьер-министрлери катышты. Ташкентте көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болду. Саммиттин алкагында “Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсү – балдардын жана жаштардын ишмердүүлүгү” аттуу эл аралык форум өттү. Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити Азербайжанда өтөт.

Борбор Азия-Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны 8-ноябрь күнү видеоконференция форматында болуп өттү. Жыйынга тиешелүү өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана министрлердин орун басарлары катышты. Жолугушууда Чоң жетилик өлкөлөрү менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу маселеси талкууланды.

9-ноябрда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Астанада Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев менен Владимир Путин тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосунда 7 келишимге кол коюлду. Казакстан менен Орусиянын президенттери Костанайда өткөн 19-Казакстан-Орусия аймактар ​​аралык кызматташтык форумуна видеоконференция форматында катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-11-ноябрда Францияда иш сапары менен болду. Президент Жапаров Париждеги “Бир дүйнө” саммитине жана ЮНЕСКОнун 42-сессиясына катышты. Президент Жапаров ЮНЕСКОнун президенти Одри Азуле менен жолугушту.

9-11-ноябрда Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. Ташкентте эки өлкөнүн президенттери жолугушту. Жолугушуунун соңунда Өзбекстан менен Италиянын ортосунда 3 келишимге кол коюлду. Италиянын Президенти Маттарелла иш сапарынын алкагында Хива жана Самарканд шаарларында болду.

6-ноябрь күнү Хорватиянын Премьер-министри Андрей Пленкович Азербайжанга расмий сапар менен барды. Хорватиянын Премьер-министри Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Премьер-министри Али Асадов жана Улуттук парламенттин спикери Сахиба Гафарова менен жолугушту. Бакуда өткөн сүйлөшүүлөрдө Азербайжан-Хорватия, Азербайжан-НАТО жана Азербайжан-Европа Биримдиги карым-катнаштарына байланыштуу түрдүү маселелер талкууланды.

6-ноябрда Стамбулда түрк республикаларынын маалымат агенттиктеринин медиа форуму болуп өттү. Форумдун соңунда Түрк маалымат агенттиктери биримдиги түзүлдү.

9-10-ноябрь күндөрү Самаркандда Эл аралык Түрк академиясы тарабынан түрк республикаларынын археологдорунун жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Татарстан жана Түркиядан археологдор катышты. Жыйындын соңунда Эл аралык Түрк академиясынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн археологиялык изилдөө институттары жана борборлорунун биримдиги түзүлдү.

9-ноябрь күнү Азербайжанда Түрк Мамлекеттер Уюмунун Жаштар жана спорт боюнча жооптуу министрлеринин 7-жыйыны болуп өттү. Жолугушууда уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн спорт жана жаштар саясаты боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар