Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-62

2059545
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрь күнү Казакстанда Бүткүл дүйнөлүк тез жардам кызматы конференциясы болуп өттү. Конференцияга Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев да катышты. Мындан сырткары, президент Токаев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисусту кабыл алды.

23-октябрь күнү Люксембургда Борбордук Азия-Европа Биримдиги Тышкы иштер министрлеринин 19-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин жогорку даражалуу жетекчилери катышты. Жыйында Борбор Азия-Европа Биримдиги кызматташтыгын тереңдетүү боюнча жол картасы бекитилип, Орусияга каршы санкцияларды ишке ашыруу аракеттери улана турганы бышыкталды.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 23-октябрь күнү USAIDдин жетекчиси Саманта Жейн Пауэрди кабыл алды. 24-октябрда Самаркандда Борбор Азия-АКШ экономика жана соода министрлеринин биринчи жыйыны болуп өттү. Жолугушууда аймактык интеграция жана аймактагы мамлекеттер менен USAIDдин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун соңунда USAID менен аймактагы мамлекеттердин ортосунда бажы процедураларын санариптештирүү жана аймакты декарбонизациялоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

26-октябрь күнү Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 22-жыйыны болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары катышты. Жолугушуунун соңунда айрым келишимдерге кол коюлду. Жыйынга катышкан өкмөт башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кабыл алды.

Ушул эле күнү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болуп, ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары катышты. Жыйындын соңунда 12 документке кол коюлду.

26-октябрь күнү Ташкентте Өзбекстан-Казакстан парламенттер аралык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Казакстан парламентинин спикери Ерлан Кошановду кабыл алды.

Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов 25-26-октябрь күндөрү Түркияга алгачкы расмий иш сапарын жасады. Президент Бердымухамедов Анкарада Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ортосунда 13 келишимге кол коюлду. Президент Бердымухамедов Түркия-Түркмөнстан бизнес форумунун ачылышына да катышты.

23-октябрь күнү Тегеранда Орусия, Түркия, Азербайжан, Иран жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин 3+3 форматындагы жыйыны болуп өттү. Жолугушууда Түштүк Кавказдан тышкары Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар да талкууланды. Грузия азырынча бул жолугушууларга катыша элек. Тышкы иштер министрлеринин 3+3 форматындагы кийинки жолугушуусу Түркияда болот.

24-октябрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Түркия Республикасынын Коргоо министри Яшар Гүлерди кабыл алды. Коргоо министри Гүлер «Мустафа Кемал Ататүрк-2023» биргелешкен аскердик машыгуусун көрүү үчүн Азербайжанга келген эле.

25-26-октябрда Азербайжандын Улуттук Парламентинин Төрайымы Сахиба Гафарова расмий иш сапары менен Түркияда болду. Сахиба Гафарова Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.

26-октябрь күнү Тбилисиде Эл аралык Жибек жолу форуму болуп өттү. Форумга Азербайжан менен Армениянын премьер-министрлери катышты.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар