Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-59

2050124
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын укуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-октябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Катарда мамлекеттик иш сапары менен болду. Катардын эмири Тамим бин Хамад ал-Тани президент Мирзиёевди расмий салтанат менен тосуп алды. Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда 9 келишимге кол коюлду. Лидерлер “EXPO Доха-2023” көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышышты. Иш сапардын алкагында президент Мирзиёев Катардын “Nebras Power”, “Power International Holding” жана “Al Mirqab Capital” компанияларынын жетекчилери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

5-7-октябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Орусия Федерациясында расмий иш сапары менен болду. Президент Мирзиёев 5-октябрда Татарстандын борбору Казань шаарына барды. Татарстандын раиси Рустам Минниханов президент Мирзиеев менен жолугушту жана Казан Кремлинин көрсөттү. Президент Мирзиёев “Казань EXPO” жарманкесин кыдырды. 4-октябрь күнү Казанда 3-Орусия-Өзбекстан аймактар ​​аралык кызматташтык форуму болуп өттү. Форумда жалпысынан 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду.

6-октябрда президент Мирзиёев Казандан Москвага барды. Президент Мирзиёев Москвада Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин жана президент Владимир Путин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 10 келишимге кол коюлду. 7-октябрь күнү Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери орус жаратылыш газын Казакстан аркылуу Өзбекстанга ташый турган долбоордун курулушуна старт беришти.

6-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирликтеринин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл аль-Мезруини кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн алакалары өнүгүп жатканы баса белгиленди. Бириккен Араб Эмирликтеринин “Masdar” компаниясы Кыргызстанда күндөн электр өндүргөн станция кура турганы белгилүү болду.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев 6-октябрь күнү Иран Ислам Республикасынын Жол куруу жана инфраструктура министри Мехрдад Базрпашты кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн алакаларына байланыштуу түрдүү маселелер талкууланды. Ушул эле күнү Зангилан облусундагы Азербайжан-Иран чек арасына жаңы көпүрө жана чек ара бекетинин курулушу башталды.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев 6-октябрь күнү Сербиянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Владимир Орличти кабыл алды. Жолугушууда Азербайжан-Сербия эки тараптуу мамилелеринин деңгээлине болгон канааттануу билдирилди. Сербиянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Владимир Орлич расмий иш сапарынын алкагында Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана парламенттин төрайымы Сахиба Гафарова менен жолугушту.

 3-октябрь күнү Түрк Мамлекеттер Уюму түзүлгөндүгүнүн 14 жылдыгын белгиледи. 4-октябрда Стамбулда уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары көп тараптуу саясий консультациялык жыйын өткөрүштү. Түрк мамлекеттеринин кезектеги саммити үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Астанада өтөт.

5-октябрь күнү Түрк Мамлекеттер Уюмунун Юстиция министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун алкагында Түрк Мамлекеттер Уюмунун Нотариустар биримдигинин түзүлүшү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Кошумчалай кетсек, ТҮРКСОЙдун жетекчилигинде Түрк дүйнөсүнүн кинорежиссерлор биримдиги да түзүлдү.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Түрк Республикаларында маанилүү иш сапарлар болду. Түрк Мамлекеттер Уюму түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтыкты максималдуу өнүктүрүү үчүн аракеттерин улантууда.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар