Ыгдырдын баклажан кыямы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-55

2043081
Ыгдырдын баклажан кыямы

Ыгдырдын баклажан кыямы

Катталган күнү: 20.12.2021

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан чек ара шаары Ыгдыр, тоолуу аймактагы чуңкурда орун алгандыктан өзгөчө микроклиматтык шарттарга ээ. Бул климаттык шарттар да ар түрдүү айыл чарба азыктарын өстүрүүгө мүмкүндүк берип, жашылча-жемиш өндүрүшүндөгү бул көп түрдүүлүк Ыгдыр шаарына гана таандык жаңы даамдардын пайда болушуна алып келген. Булардын арасынан «Ыгдырдын баклажан кыямы» облустун Айыл чарба жана токой чарба башкармалыгынын кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Баклажан кыямы 6-12 см узундугундагы баклажандарды колдонуу менен даярдалган бал сарысы түсүндө, аз шербеттүү жана коюу болот. Күндүз менен түндүн ортосундагы жогорку температура айырмачылыгы аймакта өстүрүлгөн баклажандардын кичинекей өлчөмдө жетилишине себеп болот жана бул кичинекей баклажандар кыям өндүрүүдө колдонулат. Кыямды жасоодо адегенде майда жана уругу жок баклажандардын кабыктары аарчылып, сабак жагы плюс түрүндө тилинет жана ортосуна майда тешиктер оюлат. Туздуу сууда бир түн чыланган баклажандар андан соң ысык сууда кайнатылат. 15-20 мүнөт кайнатылган баклажандар балдын түсүнө ээ болгондон кийин үч жолудан кем эмес муздак сууга жуулат. Андан кийин чоң казанда кум шекер менен даярдалган ысык сиропко кайнатылган баклажандар салынат жана жай отто бир лимондун ширеси кошулуп бышырылат. Бул процесс баклажандар сиропту ичине сиңирип алганга чейин уланат. Андан соң баклажандар банкаларга бирден салынып үстүнө шербет куюлат жана банкалардын оозу бекем жабылат.



Тектеш кабарлар