Түркиянын тышкы саясатынын жаңы багыты

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча  директору жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

2041297
Түркиянын тышкы  саясатынын жаңы багыты

Президент Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясынын  78  -  сессиясында  сүйлөгөн сөзү түрк тышкы саясатынын глобалдык жана аймактык алдыңкылыктарын көрсөтө турган мүнөздө эле. Глобалдык жана аймактык күч атаандаштыгы  күч алган, глобалдык белгисиздиктер түрлөнгөн жана Түркиянын аймактык геосаясий чөйрөсү коопсуздук кризистер менен калыптанып жаткан учурда Түркия Эрдогандын жетекчилигинде тышкы саясатын кайра түзүүгө аргасыз болууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча  директору жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

Президент Эрдогандын 2023 -  жылы  май айында болгон шайлоодо утуп чыгышынан кийин тышкы саясатта тандаган багыты жаңы доордун кандайча түзүлө турганы тууралуу так маалымат берди. Эрдогандын тышкы саясат парадигмасынын борборунда Түркиянын стратегиялык автономиясын бекемдөө жана «Түркия огу» деп айтылган чоң стратегиялык максатка жетишүү турат. Түркия огунун максаты Түркияны өзгөрүп жаткан эл аралык системада глобалдык бир актерго айландыруу. Башкача айтканда, бул максат Түркияны эффективдүү экономикалык, аскердик жана дипломатиялык күчкө айландыруу аркылуу глобалдык күч таймашында чыныгы оюнчу кылуу деп мүнөздөөгө болот. 

Президент Эрдоган тышкы саясатта эки максатты бир убакта ишке ашырууга мажбур.  Бир тарапта Түркия ичинде орун алган карама  - каршы жана атаандаштык геополитикалык  чөйрөдө Түркиянын негизги кызыкчылыктарын коргой турган тымызын дипломатияны ишке ашыруу, экинчи тараптан глобалдык жана аймактык өзгөрүүлөрдү окуп Түркияны өзгөрүүгө ыңгайлаштыра турган жаңы эрежелерди иштеп чыгуу. Түркиянын  100 жылды артка калтырган жана экинчи кылымга кирген бир мезгилде бул эки максатты бир убакта ишке ашыруу жаңы бир стратегиялык максат катары символдук бир маанини билдирүүдө.

Бул стратегиялык максат президент Эрдогандан келерки беш жылдык мөөнөттө Түркиянын структуралык трансформациясын ишке ашырууну жана бул структуралык трансформацияга ылайыктуу аймактык жана глобалдык ролду курууну талап кылууда. Структуралык трансформацияда кандай Түркия деген суроого жооп берүүнү талап кылуу менен бирге аймактык жана глобалдык ролу кандай тышкы саясат деген суроону күн тартибине алып келүүдө.

Жаңы конституция жана жаңы экономика

Тарыхый жактан алганда, глобалдык системалык трансформациялар менен Түркиянын ички структуралык трансформацияларынын ортосунда күчтүү байланыш бар. Бул контекстте Түркия жалпысынан тарыхый бурулуштардагы системалык трансформацияларга ар тараптуу ички трансформация менен жооп берди.

Түркиянын  структуралык өзгөрүшүн мүмкүн кыла турган эң маанилүү тармактардын бири – жаңы конституциялык демилге. Анткени Түркия учурда көптөгөн өзгөрүүнүн болгондугуна  карабастан 1980 - жылдагы аскердик төңкөрүштөн кийин төңкөрүш жасагандар даярдаган конституция менен башкарылууда. 1980 – жылдагы конституция мазмуну жана Түркиянын актуалдуу маселелерин чечүү тууралуу жетерлик болбогондой эле бир нече маселенин да болушуна себеп болууда. Бул жерде күчтүү бир коомдук жана саясий талап экендиги жана Түркиянын парламенттик системадан президенттик системага өткөнүнө да көңүл бурулганда жаңы конституциянын стратегиялык бир мажбурдуулугу катары көрүнөт. Акыйкаттан да президент Эрдоган жаңы конституцияны бир гана жаңы коомдук келишими жана демократиянын тереңдетилиши максаттары жактан эмес ошол эле учурда глобалдык  өзгөрүүлөргө ылайык келе турган бир көз караш тексти катары көрүүдө : «Ошондуктан бизге керек болгон,  улутубуздун дүйнөгө жана жашоого болгон көз карашына, өлкөбүздүн тажрыйбасына жана максаттарына, сөздөрүнө, рухуна жана көлөмүнө шайкеш келген конституциялык текст керек».

Жаңы конституциялык демилге менен бирге  Түркиянын экономикада жаңыдан  ортодокс саясаттарына кайтуусу тышкы саясаттан өзүнчө каралышы мүмкүн эмес. Пандемиядан кийинки дүйнөлүк экономикалык стагнация, Украинадагы согуштан улам келип чыккан экономикалык алсыздыктар, глобалдык масштабдагы экономикалык жана технологиялык атаандаштыктын күчөшү жана Түркия ичинен өтүп жаткан инфляция кысымынан кутулуу жана глобалдык  экономика менен  интеграция  боло турган атаандаштык экономикалык моделди түзүү, соода көлөмүн кеңейтүү менен өсүүгө мажбур. Мындай максат геосаясий жана геоэкономикалык динамикаларды бир убакта башкарууну талап кылат. Ушул себептен  өкмөт тарабынан акыркы жумаларда жарыяланган Орто мөөнөттүү экономикалык программа экономикада структуралык трансформацияны ишке ашыруу менен Түркиянын экономикалык алсыздыктарынан кутулууну жана дүйнөлүк экономикадагы үлүшүн жогорулатууну максат кылууда.

Геосаясий контекст

Жаңы конституция жана туруктуу экономика саясий ырааттуулукту дагы бекем негиздерге кура тургандай эле  Түркиянын тышкы саясатынын геосаясий контекст менен болгон байланышын  бекем курушуна  мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн.  Бул жерде Түркиянын глобалдык өзгөрүүнү кандай окугандыгында пайда бар. Президент Эрдогандын БУУнун  Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө да баса белгилегендей  глобалдык система комплекстүү бир трансформациядан өтүп жатат.

Бул өзгөрүүнүн эң негизги өзгөчөлүгү – бул чоң күчтөрдүн атаандаштыгынын кайтып келиши. Бул күч таймашы АКШ менен Кытайдын ортосунда болуп жаткандай көрүнсө да  бардык актерлорго түздөн - түз таасирин тийгизип, аларды өз позицияларын карап чыгууга мажбурлоодо. АКШ  -  Кытай атаандаштыгы системалуу деңгээлде болсо да аймактык астыңкы системаларда жаңы союздаштык системалардын кайра түзүлүшүнө себеп болууда. Акыркы мезгилде AUKUS, QUAD, BRICS жана IMEC сыяктуу жаңы процесстер Түркиядан өзүнүн салттуу мамилелерин глобалдык тышкы саясат багыты боюнча кайра карап чыгууну талап кылууда. Глобалдык система кыймылдуу болгон бул чөйрөдө Түркиянын бир гана геосаясий абалын борборго алган бир тышкы саясат стратегиясы менен алдыга жылуунун ордуна тышкы саясат аймактык түрдүүлүгүн арттырышы бир мажбурдуулукту түзүүдө.

Түркиянын геосаясий контекстинин балким эң критикалык өлчөмү  карама-каршылыктуу жана атаандаштык чөйрөдө орун алышы.  Украинада уланып жаткан согуш Түркия - Россия карым-катнаштарына түздөн - түз таасирин тийгизгендей эле  Түркиянын Европа, Батыш жана НАТО менен болгон карым - катнаштарын кайра түзүүдө. Россия коркунучуна каршы НАТОнун алкагында биригүүгө жана бекемделүүгө аракет кылган Европа Түркия менен жаңы карым - катнаш түзүү аракетинде,  Түркия да автономиялуу бир саясат менен бул жаңы процесске ыңгайлашууга аракет кылууда. Сирия жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө уланып жаткан кагылышуулар жана морттуктар Түркиянын коопсуздукка артыкчылык беришин керек кылууда.

Жакынкы Чыгыштын чоң күч атаандаштыгынын көлөкөсүндө кайрадан калыптанып жаткан бир мезгилде Түркия Жакынкы Чыгыш менен карым  - катнаштарын кайрадан курууда. Чоң жыйырмалыктын  саммитинде  жарыяланган IMEC долбоорунун алдында Түркиянын «Өнүгүү жолу» долбоорун ылдамдатуу аракети геосаясат менен геоэкономикалык динамикасынын бир убакта кандай иштээрин көрсөткөн маанилүү бир мисал.

Тышкы саясат - бул бир тараптуу процесстер эмес, өз ара аракеттенүү орун алган стратегиялык тармак. Башка сөз менен айтканда, стратегиялык  байланыш болушу керек. Анткени тышкы саясат бир оюнчунун эмес, көп оюнчулары болгон татаал тармак. Президент Эрдогандын БУУнун саммитинде сүйлөгөн сөзү түрк тышкы саясатынын 360 градустук перспектива менен иштелип чыкканын жана глобалдык багытка ээ болоорун көрсөтүүдө. 

 



Тектеш кабарлар