Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-56

2039989
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрь күнү Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды. Жолугушууда Казакстан-Түркия мамилелери жана Түрк мамлекеттеринин саммитине даярдык маселеси талкууланды.

11-14-сентябрь күндөрү Азербайжандын Улуттук парламентинин төрайымы Сахиба Гафарова Болгария менен Венгрияда иш сапары менен болду. Сахиба Гафарова Болгариянын Президенти Румен Раде жана Венгриянын Президенти Каталина Новак менен жолугушуп, Будапешттеги 5-демография саммитине катышты.

11-сентябрь күнү Монголиянын Парламентинин спикери Гомбожав Занданшатар Түштүк Кореяга барды. Төрага Занданшатар Түштүк Кореянын эл өкүлдөрү менен жолугушуп, Эл аралык туруктуу өнүгүү боюнча Транс-Тынч океан диалогу конференциясына катышты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12-17-сентябрь күндөрү Орусияда иш сапары менен болду. 13-сентябрда Ким Чен Ын Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Владимир Путиндин Ким Чен Ындын Түндүк Кореяга чакыруусун кубануу менен кабыл алганы айтылды.

14-сентябрь күнү Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын 5-консультациялык жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын президенттери катышты. Жыйынга ардактуу конок катары Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркмөнстандын Халк маслахатинин спикери Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Гурбангулы Бердымухамедовго президенттердин медалы тапшырылды. Жыйындын соңунда 3 келишимге кол коюлду. Президенттер ушул эле күнү EXPO Борбор Азия-2023 жарманкесинде болушту. Жыйындын алкагында эки тараптуу жолугушуулар да болду.

14-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Афганистан боюнча толук ыйгарымдуу элчиси Чжао Шэн Талибан өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Мухаммед Хасан Ахундга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Ошентип Кытай талибдердин бийлигин расмий тааныган дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калды.

Дүйшөмбү шаарында 15-сентябрь күнү Эл аралык Аралды калыбына келтирүү фондунун уюштуруучуларынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери, Кыргызстандын вице-премьер-министри катышты. Жыйындын соңунда 4 келишимге кол коюлду.

15-сентябрь күнү Орусиянын Президенти Владимир Путин Сочиде Беларустун Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

 9-сентябрда Карабакта өткөн “президенттик” шайлоону Евразия өлкөлөрү айыпташты жана бул өлкөлөр Азербайжандын территориялык бүтүндүгүн колдой турганын билдиришти.

11-сентябрда Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президент Эрдоган Пашинянга төрт тараптуу жолугушууну (Путин, Эрдоган, Алиев жана Пашиняндын жолугушуусун) сунуштаганын билдирди. Премьер-министр Пашинян Politico гезитине берген маегинде Украинадагы согуштан улам Армения мындан ары Орусияга коопсуздук кепилдиги үчүн таяна албай турганын белгиледи. Армениянын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун аскердик машыгууларына катышпай жатышы жана АКШ менен биргелешкен аскердик машыгуусу «Орусия Арменияда төңкөрүш жасайт» деген айың кептерди пайда кылды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Евразияда аймактык интеграцияга  салым кошо турган маанилүү иш сапарлар жана жолугушуулар өткөрүлдү. Түштүк Кавказдагы Карабак менен байланыштуу көйгөй күн тартибинде калууда.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар