Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-51

2026077
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн апта түрк республикаларында маанилүү иш-чаралар болуп өттү. Эми аларга кезеги менен көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев “Cengiz Holding” компаниясынын төрагасы Мехмет Женгиз баштаган түрк делегациясын кабыл алды. Ташкенттеги кабыл алууда холдингдин Өзбекстандагы инвестициялары талкууланды. Эскерте кетсек, “Cengiz Holding” Өзбекстандын Ташкент жана Сырдарыя облустарында электр станцияларынын курулушун аяктап, энергетика тармагынан тышкары тоо-кен, транспорт жана курулуш тармактарында да иш алып барып жатат.

8-август күнү Баку шаарында Азербайжандын Эл аралык мамилелерди талдоо борбору жана Өзбекстандын Борбор Азия эл аралык институту тарабынан “Азербайжан-Өзбекстан: кызматташтыктын жаңы горизонттору” аттуу тегерек үстөл жыйыны болуп өттү. Жолугушууда Азербайжан-Өзбекстан эки тараптуу мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Жыйындын соңунда аталган мекемелердин ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланган Шавкат Мирзиёевдин август айында алгачкы чет мамлекетке сапарын Азербайжанга жасашы күтүлүүдө.

8-август күнү Бакуда Азербайжандын Улуттук коргоо министринин орун басары Керим Велиев Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигинин Башкы штабынын чалгындоо башкармалыгынын башчысы Исмаил Гүнайдын баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы коргонуу жана чалгын кызматында маалымат бөлүшүү сыяктуу кызматташтык маселелери талкууланды.

9-август күнү Орусиянын расмий маалымат агенттиги ТАСС Орусия Федерациясынын Түндүк Кипр Түрк Республикасында консулдук кызмат көрсөтө баштаарын жазды. Тиешелүү кабарда, Түндүк Кипр Түрк Республикасында консулдук кызматтын ачылышына өлкөдөгү орустардын санынын көбөйүшү себеп болгондугу билдирилген. Орусиянын Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугундагы элчиси Мурат Зязиков бул темага байланыштуу билдирүү жасап: “Бул көптөн бери талкууланып келген чечимде эч кандай саясий маани жок. Кипрдин түндүгүндө жашаган Орусиянын жарандарына кызмат көрсөтүү – бул бир гана гуманитардык тынчсыздануулардан улам келип чыккан жагдай”, - деди.

11-август күнү Казакстандын Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасы, Түндүк Македониянын Тышкы иштер министри Буйар Османини кабыл алды. Жолугушууда Казакстандын Түндүк Македония жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ)  менен кызматташтыгы талкууланды. Казакстандын президенти Токаев Түндүк Македония менен мамилелеринин абдан жакшы экенин айтып, Скопьеде элчилик ачуу чечимин кабыл алышканын билдирди. 10-августта Буйар Османи Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.

Казакстан менен Өзбекстан өткөн аптада Актауда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү. Эки өлкөнүн коргоо министрлери Руслан Жаксыбеков менен Баходир Курбанов “Канжар-2023” аскердик машыгуусуна чогуу катышышты. Түрк республикаларынын биргелешкен жана эки тараптуу аскердик машыгууларын уюштуруу салтка айлана баштады.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген маанилүү окуялар болуп өттү.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар