Террор менен күрөшүү ПКК -  КДП кагылышуусу

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2026805
Террор менен күрөшүү ПКК -  КДП кагылышуусу

 

 Түркия ПКК террордук уюму менен болгон күрөшүн өлкө машстабында жана Ирак менен Сирияда да болгон ылдамдыгы менен улантып,  өзгөчө акыркы күндөрдө террордук уюмдун ИКБЙ башкача айтканда Күрдистан аймактык башкаруусунун коопсуздук күчтөрүн жана Күрдистан демократиялык партиясы КДПны да бутага ала баштагандыгы байкалууда. Уюм Күрдистан демократиялык партиясын  өзү үчүн маанилүү коркунуч катары көрүүдө.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 Шайлоодон кийин ПКК террордук уюму жана анын уландыларына карата аскердик жана коопсуздук операциялар болгон ылдамдыгы менен кайрадан башталды. Учурдагы коопсуздук парадигмасынын астында кысым жүргүзүлүп, уюмдун аскердик жактан өзүнө келишине тоскоолдук жаратылууга аракет кылынууда. Түркиянын бардык жеринде  жандармерия менен түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу аскердик бөлүктөр өзгөчө тоолордо калган акыркы ПКК мүчөлөрүн жок кылууга аракет кылууда. ПКК шайлоодон кийин «кагылышпоо»  мезгилин акырына чыгарууга мажбур болгондугун билдирген. Негизинен уюмдун өлкөдө кыймыл кылуу мүмкүнчүлүгү көптөн бери минимумга түшүрүлүп, айрыкча элеттик партизандык өңүттөгү аракеттери эч кандай жыйынтык бербегендей. Түркиянын проактивдүү толук талаа согушуна таянган коопсуздук доктринасы менен шайлоодон кийин тиешелүү коопсуздук операциялары барган сайын күчөө менен уланууда. Ички иштер министрлигинин акыркы билдирүүсүнө караганда, 2023-жылдын 27-майынан  тарта Түркиянын айыл жана тоолуу аймактарында ПККнын 77 элементи гана калды. Бул сан чындыкты билдирери белгисиз болсо да, уюмдун санын, алмаштыруу жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн чоң өлчөмдө жоготкону көрүнүүдө. Ирак жана Сирияда аскердик операциялар уланууда, өзгөчө акыркы күндөрдө түрк куралдуу күчтөрү бул аймактагы үстөмдүгүн кеңейтүү үчүн Ирактын түндүгүндө операцияларды жүргүзүүдө. Өзгөчө Зап аймагында катуу кагылышуулар болуп, Күрдистан демократиялык партиясына караштуу Пешмерге күчтөрү да түрк куралдуу күчтөрү  менен биргелешип Зап аймагына көбүрөөк жайгаша баштады. ПКК террористтери Пешмергеге карата террордук кол салууларды ишке ашырып, КЖК/ПККнын жогорку  башкаруучулары да Күрдистан демократиялык партиясынын лидерлерин бутага алган маалыматтарды беришүүдө. ПКК Түркия менен бирдикте кыймыл кылган Күрдистан аймактык башкаруусу менен Күрдистан демократиялык партиясынын өзү үчүн коркунуч экендигин байкап жатат. Террордук уюм Күрдистан демократиялык партиясынын көзмөлүндө болушу керек болгон  элет жерлеринде  де-факто үстөмдүк кылуучу аймактарды түзүп, бул аймактарды террор борборуна айландырууга аракет кылууда. Уюмдун Иран, Хашди Шааби жана Күрдистан аймактык башкаруусу менен түрдүү алакаларга кирип аймакта Күрдистан демократиялык партиясын күчсүздөнтүүгө аракет кылгандыгы көрүнүүдө.

Күрдистан демократиялык партиясы болсо террордук уюмга каршы күн өткөн сайын көбүрөөк кадам таштоодо. Күрдистан демократиялык партиясы өз аймагында ырааттуулукту камсыз кылууну каалап, ПККны жок кылуу үчүн Түрк куралдуу күчтөрү менен бирге мындан да маанилүү жана чечкиндүү кадамдарды ташташы керек. Ушул алкакта ПКК менен Күрдистан демократиялык партиясы менен Пешмерге ортосундагы кагылышуулар жакынкы келечекте күчөй тургандай көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар