Лава мамычалары

Буларды билесиздерби-49 / Түркиянын Кара деңиз жээгинде 80 миллион жылдык жаратылыш керемети бар экенин билесиздерби?

2021385
Лава мамычалары

Лава мамычалары

Түркиянын Кара деңиз жээгинде 80 миллион жылдык жаратылыш керемети бар экенин билесиздерби?

Түркиянын кайталангыс жаратылыш кооздуктарынын бири Карадеңиз аймагындагы Гүзелжехисар лава мамычалары... Бартын облусунун чек араларында жайгашкан бул табият кереметинин тарыхы 80 миллион жыл мурда башталган. Аны «Лава» же «Базальт» жана «Мамы» же «Аска» деп атаса да болот.

Бартындын Гүзелжехисар айылындагы лава мамычалары табиятта өтө сейрек кездешүүчү жана жанар тоонун атылышынын натыйжасында пайда болгон укмуштуу бир түзүлүш. Вулкандардан аккан лавалардын муздашы жана кристаллдашуусунун натыйжасында пайда болгон лава мамычаларын дүйнөнүн өтө аз жеринде көрүүгө болот. Түркиядан тышкары Түндүк Ирландия, Шотландия, Исландия, Япония, Мексика, Орусия, Түштүк Корея, Вьетнам, Испания жана Америкадагы лава колонналары дүйнөнүн эң баалуу жана корголгон жаратылыш мурастарынын бири. Тик жана туурасынан түзүлүшү менен дүйнөдөгү башка мисалдардан айырмаланган Гүзелжехисар лава мамычалары чоң суктанууну жаратууда. Мамычалар жайгашкан болжол менен 15 га аянт 2017-жылы табигый ресурстук баалуулуктардан улам жаратылыш эстелиги катары коргоого алынган.

Лава мамычалары орун алган Гүзелжехисар, анын  бузулбаган жаратылыш кооздугу менен кичинекей деңиз жээгиндеги шаар. Жашыл менен көк түс жолуккан анча белгилүү болбогон бир отурукташкан жери Гүзелжехисар, лава мамычаларынан тышкары тарыхый курулуштары, жергиликтүү архитектурасы, платолору, кең токойлору жана тунук деңизи менен көрүүгө татыктуу жер.



Тектеш кабарлар