Буларды билесиздерби?

Бодрум балет фестивалы Буларды билесиздерби-48

2018415
Буларды билесиздерби?

Бодрум балет фестивалы

Түркиянын эң маанилүү туризм борборлорунун бири Бодрумда 20 жылдан бери балет фестивалы өтүп жатканын билесизби?

Быйыл 20-ирет уюштурулган Эл аралык Бодрум балет фестивалы Түркиянын биринчи жана жалгыз балет фестивалы. Маданият жана туризм министрлигинин Мамлекеттик опера жана балет башкы башкармалыгы тарабынан Бодрум муниципалитетинин салымы менен уюштурулган фестиваль жыл сайын август айында Түндүк Хендек (траншея) сахнасында, Бодрумдун символу болгон жана бүгүнкү күндө Суу астындагы археологиялык музей катары колдонулган Бодрум сепилинде өткөрүлөт.

Мамлекеттик опера жана балет башкы башкармалыгы өзүнүн көркөм сапатына, бай репертуарына, улуттук жана эл аралык искусство аренасында жетишкен ийгиликтерине таянып, бул фестивалды 2003-жылдан бери жыл сайын тынымсыз, чоң жактыруу жана тартип менен өткөрүп келет. Искусствонун эң кооз чагылууларынын бири болгон балет үчүн Бодрумдун атактуу мандарин жытынын коштоосунда ушундай тарыхый чөйрөдө өз көрүүчүлөрүн тосуп алуусу укмуштуудай тажрыйба. Дүйнөдө өтө сейрек кездешүүчү жана Түркияда жалгыз болгон бул фестиваль жылдан жылга чоң кызыгуу жана толкундануу менен көрүлүп, Бодрумдун кооздуктарына көрк кошуп жатат. Бул фестивалда көптөгөн өлкөлөрдөн жана түрдүү маданияттардан келген искусство сүйүүчүлөрү Түркиянын жана дүйнөнүн өзгөчө балет жана заманбап бий чыгармаларына күбө болушат.

Мамлекеттик Опера жана балет башкы башкармалыгы Түркиянын башка маанилүү туризм борборлорунда уюштурулган фестивалдар менен Эл аралык Бодрум балет фестивалынан тышкары тарыхый жерлерде көптөгөн өлкөлөрдөн келген искусство сүйүүчүлөргө жогорку көркөмдүк сапаттагы иш-чараларды сунуштайт. Булар Стамбулда, байыркы Эфес шаарында жана Анталиядагы Аспендос антик театрында өткөрүлгөн опера жана балет фестивалдары... Эл аралык деңгээлде уюштурулган бул маанилүү фестивалдар дүйнөлүк цивилизациянын башталышы болгон Анадолу жерлерине жаңы баалуулуктарды кошот.



Тектеш кабарлар