Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-47

2014110
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Fuat Oktay Özbekistan.jpg
özbekistan seçim.jpg
türksoy-özbekistan-2.jpg
TÜRKSOY’un 30. Kuruluş Yıl Dönümü Aşkabat’ta Kutlandı 1.jpeg
michel-aliyev-paşinyan.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 9-11-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапары менен Монголияда болду. Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх, премьер-министри Оюн-Эрдэнэ Лувсаннамсрайн жана Парламенттин спикери Гомбожав Занданшатар менен өз-өзүнчө жолугушту. Улан-Батордо өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 12 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда Кыргызстандын элчилиги ачылды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Монголиянын Наадам фестивалынын ачылыш аземине ардактуу конок катары катышты. Президент Жапаровдун Монголияга иш сапары тарыхый деп аталды. Мындан 21 жыл мурун, 2002-жылы Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Монголияга расмий иш сапары менен барган эле.

Өзбекстанда 9-июль күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. 4 талапкер ат салышкан шайлоого шайлоочулардын 80% катышты. Шайлоодо Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын талапкери Шавкат Мирзиёев добуштардын 87,05% алып жеңишке жетишти. Калган талапкерлер 3-4% добуш алышты. Шавкат Мирзиёев 14-июль күнү Өзбекстандын парламентинде ант берип, кызматына киришти. Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде өткөрүлгөн конституциялык референдумга ылайык, президент 7 жыл кызмат кылат.

12-июль күнү Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш расмий иш сапары менен Азербайжанга барды. Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Азербайжан парламентинин төрайымы Сахибе Гафарова жана премьер-министри Али Асадов менен жолугушту. Төрага Куртулмуш иш сапарынын алкагында ТүркПА Башкы катчылыгына да барды.

13-июль күнү Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Фуат Октай баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Өзбекстан-Түркия алакасына байланышкан түрдүү маселелер жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

14-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореянын Улуттук парламентинин төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан-Түштүк Корея мамилелеринин учурдагы абалы талкууланды.

15-июль күнү Брюсселде Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Европа Биримдигинин төрагасы Шарль Мишель менен үч тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Азербайжан-Армения тынчтык келишими талкууланды.

12-июлда Түрк дүйнөсүнүн орток уюму ТҮРКСОЙ 30 жылдык мааракесин белгиледи. 1993-жылдын 12-июлунда Алматыда ТҮРКСОЙду түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында ТҮРКСОЙдун 30 жылдык мааракеси Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда белгиленди. Маараке Азербайжан, Түркия жана Европада уланат. Маданият жана искусство тармагында ири долбоорлорду ишке ашырган ТҮРКСОЙ Түрк республикалары менен алардын элдеринин ортосундагы алтын көпүрөнүн милдетин аткарууда.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Түрк Республикаларында маанилүү окуялар болду. Шавкат Мирзиёев кайрадан президент болуп шайланды. Монголия түрк республикалары менен дагы тыгыз кызматташууну каалап жатканы акыркы окуялардан көрүнүп турат.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар