Буларды билесиздерби?

Александр саркофагы.

2008578
Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң чоң саркофагдарынын биринин Стамбул археологиялык музейинде экендигин билесиздерби?

1887 -  жылы Ливандын Сайда шаарында табылган жана Стамбулга алып келинген Александр саркофагы  25 тонналык салмагы менен дүйнөнүн эң чоң саркофагдарынын бири.

Александр саркофагы  биринчи түрк археологу катары кабыл алынган жана түрк музейчилигинин жол башчыларынан осман Хамди мырза тарабынан Сайданда табылган. Осман Хамди мырза  1887-жылы Сайдадагы казуу иштеринде королдун мүрзөсүн табат. Бул мүрзөдөн 22 королдун саркофагы табылган. Жер астындагы мүрзө бөлмөлөрүндө көмүлгөн Сайда падышаларына таандык бир катар саркофагдардын табылышы эл аралык толкунданууну пайда кылып, европалык жана америкалык журналдарда жарыяланды. Ошол эле учурда  табылган маанилүү саркофагдар Стамбулга алып келинет. Араларындагы Александр саркофагы  болсо археология дүйнөсүнүн шедеврларынан болуп саналат. Саркофаг чеканка техникасы, боектор жана теңдеши жок  кооздоолору менен Стамбул археологиялык музейинин да негизги чыгармаларынын бири.

Сайда королу Абдалонимоско таандык экендиги болжолдолгон сракофаг биздин эрага чейинки 4 -  кылымга таандык. Саркофагдын  беттеринин биринде Македониянын королу Александр Македонскийдин перстер менен болгон согушунун рельефтери бар. Саркофагдын башка узун бетинде достук аңчылык көрүнүшү чагылдырылган.

Дизайн менен байыркы грек храмдарын эске салган саркофаг Грециянын белгилүү пентеллик мраморунан жасалган. Өзгөчө рельефтер менен кооздолгон жана түстүү саркофагды кимдин жасаганы белгисиз.

1999-жылы оригиналынан беш пайызга кичирээк болгон Александр саркофагынын көчүрмөсү Түркияда чыгарылып, Япониянын Кашивазаки түрк айылында көргөзмөгө жөнөтүлгөн. Саркофагдын түп нускасынан беш пайызга кичирээк дагы бир көчүрмөсү 2014-жылы Скопьеде ачылган Македониянын улуттук археологиялык музейинде көргөзмөгө коюлган.

 



Тектеш кабарлар