Вагнер козголоңу жана ыктымалдуу жыйынтыктары

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2008580
Вагнер козголоңу жана ыктымалдуу жыйынтыктары

Россия Украина согушуна карата ыктымалдуу жайкы эскалация үчүн даярданып жатканда өзү каржылаган Вагнер жалданма аскерлери күтүлбөгөн жерден  Украинадагы фронттон чегинип, Россиянын ичинде Москвага карай багыт алды. Орус армиясы чарасыз, Путин бийлиги чоң каршы чыгуу менен бетме  - бет келди. Вагнер Москвага 200 километр жакындап, Беларустун президенти Александр Лукашенконун аракетке өтүшү менен келишим түзүлүп,  Вагнер токтоду жана артка чегинди. Бирок Вагнер козголоңунун Сирия жана Ливия сыяктуу өлкөлөрдө, өзгөчө Россия менен Украинада маанилүү натыйжалары болот.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 24 -  июнь күнү Вагнерге караштуу жалданма аскерлеринин Украинадагы фронттон чыгып Россиянын ичине кириши Ростов сыяктуу шаарларды да колго алып Москвага карай алдыга жылышы бүткүл дүйнөдө болгондой  эле Россиянын президенти Путинди таң калтырды. Россия өзү каржылап,  дээрлик эсепсиз булчуң күчү катары колдонулган Вагнер бул жолу Россиянын кызыкчылыгына эмес, өзүнө түздөн-түз коркунуч катары Москвага карай бара жаткан. Россияны жакындан изилдеген эксперттер негизинен орус коргоо министрлиги менен Пригожиндин лидерлигиндеги Вагнердин ортосунда олуттуу маселелердин бар экендигин билдиришти.  Өзгөчө акыркы күндөрдө Пригожин  билдирүүлөрдү жасап,  коргоо министри Шойгу менен башкы штабдын төрагасы Герасимовду кыянаттык менен күнөөлөп, Украина согушун  начар башкаргандарын баса белгиеп, акыркы болуп орус армиясынын Вагнердин лагерлерин бомбалагандыгын айтты. Андан кийин адилеттик жүрүшү деген  аскердик кыймылды баштады. Негизинен орус коргоо министрлиги Вагнерге караштуу элементтердин түздөн түз өзү менен келишимге кол коюшу үчүн бир процесс баштаган.  Вагнердин күчтөнгөндүгү жана көзөмөлдөн чыгып бара жаткандыгы тууралуу ойдо болгон бирок керектүү кадамдарды таштоодо кеч калышты. Эл аралык мааниде Россияны абдан кыйын абалда калтырган, алсыз өлкө абалына алып келген козголоң башталган болду. Козголоңдун өзү  жана улантылган процесс Пригожиндин айткандарын ырастаган болду.  Орус армиясы Вагнердин шаарларды колго алышына тоскоол боло албагандай эле Москваны коргой ала турган күчтө эмес экендигин ортого салды.  Керек болсо чалгындоо, керек болсо командирлик көзөмөл жактан олуттуу алсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү. Путин да орус президенти катары бул процесстен эң чоң жара алган ысымдардын бири болду. Албетте Москванын терең сууларында Вагнерди колдогон элиталардын ким экендиги азырынча белгисиз жана Беларустун ортомчулугу менен түзүлгөн келишимдин жыйынтыктары да так эмес. Бирок Путиндин алдында бирөөнүн жеңишин көрүү кыйын болбосо керек.

Өзгөчө Россияда болгон бул козголоңдун Украина согушунда олуттуу жыйынтыктары болот. Украина армиясы жана союздаштарынын  согушта жеңүү аракетин арттыра турган таасир жаратышы мүмкүн бирок Сирия жана Африкадагы түрдүү өлкөдөгү Вагнер бөлүктөрүнүн келечеги да сурала баштайт.  Москванын колдоосу болбостон Вагнердин бул жерлерде болушу мүмкүн болбойт, бирок Вагнердин темир муштуму бобостон да Россия үчүн геополитикалык жоготуулар болушу мүмкүн. Мындан кийин Путиндин алдында башкаруусу абдан кыйын теңдеме жана дагы да курчуган душмандары бар.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар