Грецияда шайлоо жана түрк азчылыгы

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2003782
Грецияда шайлоо жана түрк азчылыгы

 

Греция  25 -  июнда  экинчи жолу добуш берет. Сурамжылоолорго караганда  бул шайлоодо да консерватор Жаңы демократия партиясы (Nea Demokratia) алдыда жана жалгыз өкмөт кура ала турган көпчүлүккө ээ боло алат.

Грецияда шайлоодо «күчөтүлгөн пропорционалдык шайлоо системасы» колдонула тургандыктан, Жаңы демократия партиясы үчүн мүмкүнчүлүгү жогору бир абалдан сөз кылууга болот. Муну менен бирге 25 -  июндагы шайлоодо түрк азчылыгы ички саясий талкуунун куралы  болууда. Түрктөрдүн азчылык укуктарын да бутага алган бир тил олуттуу мааниде тынчсыздандырууда.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

25 -  июнда Грецияда экинчи жолу добуш берилет.  Консерватор Жаңы демократия партиясы «күчөтүлгөн пропорционалдык шайлоо системасынын» да жардамы менен бул жолу жалгыз бийликти колго ала  турган көпчүлүккө ээ болот.  Атаандашы СИРИЗА сыяктуу башка партиялар олуттуу мааниде артта көрүнүүдө. 2023 -  жылдын май айындагы шайлоодо  СИРИЗАда добуш катнашында олуттуу төмөндөө болуп, Жаңы демократиядан артта калган. Грециянын бардык административдик аймактарында СИРИЗА биринчи партия катары орун алган жалгыз аймак Комотини жана Шапчы сыяктуу  түрктөр жыш  отурукташкан шаарларды камтыган Родоп болду.

Ушул алкакта түрктөр Грецияда уланып жаткан ички саясий күрөштө бутага алынды. Айрыкча, Жаңы демократия партиясы түрктөр жана тийиштүү талапкерлер аркылуу атаандаш партияларды бутага алууда. Премьер  - министр жана бийликтеги партия Жаңы демократиянын лидери Кирякос Мицотакис Түркиянын Грециядагы парламенттик шайлоого  кийлигишкендигин ортого салып, Гүмүлжинедеги түрк башкы консулдугунун негизги оппозициядагы СИРИЗАнын түрк тектүү эки талапкери үчүн кампания жүргүзүп жаткандыгын  билдирди. СИРИЗАнын лидери Алексис Ципраз болсо бийлик тарабынан бутага алынган түрк депутаттар Хүсейин Зейбек жана Өзгүр Ферхатка тизмесинде биринчи кезекте орун берип Мицотакистин түрк азчылыгын шайлоо материалы катары колдонгондугун жана мунун абдан коркунучтуу экендигин белгилеген. Жаңы демократия партиясы  21 -  майдагы  шайлоодо добуштардын  40 пайыздан ашыгын алган бирок Батыш Фракия түрктөрү көп жашаган Родоп партия көпчүлүккө жете албаган  бир гана аймак катары көңүлдөрдү бурган. Жаңы демократия партиясы ушул алкакта Родоптогу  жыйынтыктын түрк консулдугунун СИРИЗАнын түрк тектүү талапкерлерине берген колдоодон келип чыккандыгын ортого салып азчылык болгон түрктөрдү бутага койду. СИРИЗАнын болсо Батыш Фракия түрк азчылыгы тууралуу мамилеси Жаңы демократияга салыштырмалуу башка. Түрк азчылыгынын маселелерине дагы көп токтолгондуктан түрк жактоочусу бир имидж сызуу аракетине кирип жатышат.

Грецияда түрк азчылыгы

Түркия жана Греция тарап болгон келишимдер боюнча Батыш Фракиядагы түрк калкы эки өлкөнүн арасындагы мажбур түрдө алмашуудан чыгарылды. Ушул алкакта азыркы учруда Батыш Фракияда с аны жүз миңге жеткен Мусулман түрк азчылык бар. Батыш Фракия география катары Родоп, Ксанчи жана Мерич (Еврос)  облустарын камтууда. 1923 -  жылдагы Лоанна тынччтык келишими менен Батыш Фракия түрк коомуна «азчылык»  статусу берилген. Бирок түрк  - грек карым  - катнаштарына параллель катары Греция башкаруусунун Батыш Фракия түрк азчылыгынын «азчылык укуктары» тууралуу олуттуу маселер уланууда. Өзгөчө билим берүү жана диний эркиндиктер боюнча бул маселелерди көрүүгө болот. Греция башкаруусу түрк азчылыгы деген сөздүн Лозанна тынчтык келишиминде орун албагандыгын айтып, азчылыктын этникалык күбөлүгүн аныктоо укугун  кабыл албай жатат. Негизинен Лозанна тынчтык келишиминин «Азчылыктардын коргоо алынышы» деген беренелеринде «мусулман» деген сөз колдонулган болсо да келишимдин башка жоболорунда айтылган «түрк» сыпатынан жана Конференциянын протоколдорунда орун алган билдирүүлөрдөн, калк алмашуусунан четтетилген Батыщ Фракиядагы азчылыктардын түрктөр экендиги ачыкча байкалууда. Батыш Фракия түрктөрү акыркы шайлоодо болгондой бат  - бат ички саясий талаш  - тартыш жана күрөшүүнүн куралы болууда жана түрктөр бутага алынууда. Грециялык саясатчылардын дагы этият болуусу, түрктөрдүн азчылык укуктарына сый көрсөтүп, ички саясий материал катары колдонуудан алыс болуулары керек.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун пикирин уктуңуздар.  



Тектеш кабарлар