Түркиянын жаңы мезгилде тышкы саясий параметрлери

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2000982
Түркиянын жаңы мезгилде тышкы саясий параметрлери

      

Президент Эрдоган салт боюнча алгачкы чет өлкө сапарларын Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Азербайжанга жасады. Эки борбордо да берген билдирүүлөрү жана андан кийинки баа берүүлөрү  Түркиянын жаңы мезгилдеги тышкы саясаты тууралуу маанилүү белгилерди берүүдө. Биринчиден, эки өлкө тең Түркиянын тышкы саясаттагы артыкчылыктары жагынан гана эмес, аймактык атаандаштык жана маселелер жагынан да абдан маанилүү. Кипр Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатынын борборунда турат. Азербайжан Түркия үчүн өтө маанилүү өлкө. Өзгөчө Карабах жеңишинен кийин дагы да маанилүү абалга келди. Бул эки сапардын негизинде жаңы мезгилдин тышкы саясатын жетектей турган бир нече маанилүү маселелерди белгилеп кетким келет.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессордоктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Жаңы мезгилдин тышкы саясатта жол башчылык кыла турган жагдай президент Эрдогандын көптөгөн жылдардан бери аткарып келе жаткан лидерлик дипломатиясы. Глобалдык жана  позитивдүү көз карашка ээ болгон президент Эрдоган, жаңы мезгилде глобалдык темаларда дагы да алдыңкы планга чыгат. Анын башка лидерлер менен болгон мамилеси, маанилүү глобалдык маселелердеги дипломатиялык ролу жана глобалдык маселелерге чечкиндүү көңүл буруусу лидерликке багытталган тышкы саясатты алдыга чыгарууда. Өзгөчө Түркиядагы президенттик өкмөт системасы Эрдогандын бул ролду оңой аткаруусуна шарт түзүүдө.

Экинчи маанилүү жагдай, Түркиянын акыркы жылдарда курган стратегиялык автономиялуу тышкы саясат түшүнүгүн тереңдетет. Бул абал Түркиянын тышкы саясат потенциалынын жогорулашынан жана тышкы саясат портфелинин кеңейишинен улам көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүүсүн жеңилдетет. Айрыкча Батыш менен болгон мамиледе автономия стратегиялык артыкчылык катары ортого чыгууда. Анткени Түркия менен Батыштын ортосунда орток эмес маселелер көп. Стратегиялык автономия максатын тереңдетүү менен жаңы мезгилде дагы улана ала тургандыгын  айта алабыз.

Дагы бир алдыңкылык маселе - бул нормалдаштыруу маселеси, аны биз жаңы мезгилде  көп угабыз. Нормалдаштыруунун эң маанилүү бөлүгү Жакынкы Чыгыштагы процесстер. Сирия менен уланып жаткан процессти Хакан Фидандын тышкы иштер министри болушу ылдамдатышы мүмкүн. Перс булуңундагы өлкөлөр менен жаңы доордун ачылышын күтсөк болот. Ал эми Ирандагы абал бир аз башкача көрүнүүдө. Президент Эрдогандын Азербайжандан кайтышынан кийин басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Иранды ачык сындашы Анкара менен Тегерандын мамилесинин жаңы мезгилде чыңалаарына ишарат кылууда. Балким жаңы мезгилдин конкуренция жана кагылышуу огу Анкара менен Тегерандын ортосунда болушу да мүмкүн. Бул Сирия , Ирак жана Азербайжан аркылуу эки өлкөнүн дагы көп конкуренцияга кирерин көрсөтүүдө.

Башка бир негизги тема нормалдашууга параллель түрдө алдыга жыла турган экономикалык карым  - катнаштардын борборго алынышы.  Түркиянын экономикалык кризистен кутулушунун бир гана жолу дагы көп экспорт жасоо менен Түркиянын экономикалык чоңоюсуна шарт түзүү. Демек, тышкы саясатта нормалдаштыруу жана дипломатиянын биринчи орунда турушу абдан маанилүү. Коммерциялык мамлекетке негизделген жаңы тышкы саясат процесси бул жагынан абдан маанилүү. Президент Эрдогандын Азербайжандан кайтуусунда  Грецияга байланыштуу берген билдирүүлөрү бизге жаңы мезгилдин Афина менен Анкаранын ортосунда кыйынчылык болбостон өтө турганын көрсөтүүдө.

Нормалдаштыруу коопсуздуктун экинчи планга түртүлүшү деген мааниге келбейт.  Ошол себептен коопсуздук   менен тышкы саясат карым-катнаштары тең салмактуу түрдө уланат. Хакан Фидандын жаңы ролу бул жагынан өзгөчөлөнө алат. Анын бюрократиялык таржымалы жана өздөштүргөндөрү  тышкы саясат  коопсуздугунун негизги процесси болорун белгилөөдө. Бул жагынан алганда терроризм менен күрөшүү тышкы саясатта да алдыңкылык берилген маселе болот деп айтсак болот.

Түркиянын эл аралык күн тартиби  жаңы мезгилде  да тыгыз болот. Бул жагынан алганда Эрдогандын БУУнун реформасы, климаттык алмашуу, Украина кризиси, Африка жана Палестина темаларында алдыга чыгарын, Анкарынын глобалдык актерлук изденүүсүн ылдамдатуусун күтүүбүз керек. Жаңы мезгил абдан кыймылдуу болот жана Түркия үчүн мүмкүчүлүктөрдү сунгандай эле тобокелдиктерди да ортого чыгарат.

 

 



Тектеш кабарлар