Балыкесирдин Маньяс келле сыры

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-39

1996221
Балыкесирдин Маньяс келле сыры

БАЛЫКЕСИРДИН МАНЬЯС КЕЛЛЕ СЫРЫ

Катталган күнү: 16.12.2020

 

Түркиянын Мармара аймагында жайгашкан жана жүздөгөн канаттуу түрү жашаган көлүнөн улам табият сүйүүчүлөрдүн көп барган жери болгон Маньяс району, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү камтыган «Маньяс келле сыры» менен да белгилүү. 2020-жылы Маньяс районунун акимчилигинин арызы менен географиялык жактан катталган өнүмдөргө кирген Маньяс Келле сыры, калыңдыгы 2-3 миллиметрдик катуу кабыкчалуу, сарыдан ачык сары жана ак түскө, тилик эмес тешиктүү формага, даамы туздуу жана уникалдуу жытка ээ сыр болуп саналат. Сырды өндүрүүнүн тарыхы 250 жыл мурун бул аймакка отурукташкан албан иммигранттарынан башталат. Маньяс Келле сыры Балыкесир аймагында багылган кой жана уйлардын сүтүн аралаштыруу менен өндүрүлөт. Өндүрүш үчүн чыпкаланган чийки сүт казанга куюлуп, ал жерден зыяндуу организмдер жок кылынат. Андан кийин сүт уютуу температурасына чейин муздатылат. Уютуу процессинде килкилдеп калышы керек. Бул процессте шердан уюткусу деп аталган сыр колдонулат. Пайда болгон уюган килкилдек күрүч данындай бөлүкчөлөргө бөлүнөт жана андан соң кайнатылат. Кайнатуу процессинен кийин сыр бөлүкчөлөрү сары суудан бөлүнүп, сыр калыптарына которулат жана пресстелет. Ушундайча блок түрүндөгү Маньяс Келле сыры өндүрүлөт. Майда бөлүктөргө кесилип 21 күн тыныккан сыр, андан кийин өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ болуу үчүн 120 күн туздуу сууда бышып жетилет жана андан соң жегенге даяр болот.

 



Тектеш кабарлар