Судан кризисинин себептери жана ыктымалдуу жыйынтыктары

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1979390
Судан кризисинин себептери жана ыктымалдуу жыйынтыктары

Судандагы катуу кагылышуулар өлкөдөгү саясий кризистин күчөгөнүн көрсөтүүдө. Айта кетсек, 2023-жылдын 14-апрелинде Судан армиясы Ыкчам колдоо күчүнүн  штабына чабуул жасаган. Азыркы учурда, Судан Республикасынын армиясы менен бирге Хемедтиге караштуу бөлүктөрдүн эки башка аскердик структураны түзөт деген пикир бар. Бурхан учурда Хемедтинин аскерлерин алсыратууга аракет кылууда  бирок  ал үчүн эми кеч болгондой көрүнүүдө.  Судандагы саясий кризистин тараптарына жарандык өкмөт, аскердик администрация, саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар кирет. Экономикалык кризис, коррупция, социалдык адилетсиздик, демократиялаштыруу процессинин үзгүлтүккө учурашы, этникалык жана диний кагылышуулар сыяктуу факторлор Судандагы маселенин негизги себептеринин бири.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.  

 Болгон кагылышуу Судандагы саясий кризисти дагы да оорлоштуруп, өлкөдө туруксуздукка жол ачуу потенциалына ээ. Өзгөчө Судан Ыкчам колдоо күчүнүн лидери болгон Хемедти Суданда күчтүү аскери бар фигура болгон. Демек, Хемедти менен аль-Бурхандын ортосундагы тирешүү аскердик кагылышууга айланып, өлкөнү жарандык согушка жетелеши мүмкүн. Кошумчалай кетсек, бул тирешүү Судандагы саясий процесске терс таасирин тийгизип, өлкөдөгү саясий кризисти ого бетер тереңдетиши мүмкүн. Өзгөчө Судандын геополитикалык абалы башта Суданга андан кийин коңшу өлкөлөр  болуу менен аймактагы башка өлкөлөрдүн да Суданда болуп жаткан саясий кризиске аралашуусуна себеп болушу мүмкүн. Бул да Судандагы кризисти тереңдетип өлкөнү жана аймакты дагы да баш аламан абалга алып келет.

Акыйкаттан да Египет, Судандын Нил дарыясындагы ресурстарын башкаруу тууралуу тынчсызданууларын жоюу жана Суданда болгон саясий туруксуздуктун Египеттин коопсуздугуна таасир тийгизе ала турганчалык потенциалга ээ болгондуктан маселеге аралаша алат.   Судан Нил дарыясына Росеирес, Сеннар жана Мерове сыяктуу дамбаларды курган. Ошондуктан бул дамбалар Судандын гидроэлектр энергиясын өндүрүүдө маанилүү роль ойногон жана Cудандын айыл  - чарба тармагын суу менен камсыз кылган бул дамбалар Судандын суу булактарын башкаруу жактан чоң мааниге ээ.

Экинчиден, Судандын түндүк-чыгышында жайгашкан Эфиопиянын Тиграй аймагындагы чыр-чатактардан улам Судан менен Эфиопия  азыркы учурда  кызыкчылык кагылышуусун жашап жатат.  Үчүнчүдөн, Судан менен Түштүк Судандын ортосунда көптөгөн талаш-тартыштар бар. Судандагы саясий кризис бул талаш  - тартыштардын чечилишине терс таасирин тийгизүү потенциалына ээ.  Демек, Судандагы кризиске Түштүк Судан да аралашышы мүмкүн.

Аймактан тышкаркы ыйгарым укуктар жагынан Бириккен Араб Эмирликтери  жана Сауд Арабиянын Судандагы кээ бир топтор менен жакын мамиледе экендиги айтылууда.  Ошондуктан, Судан кризиси бул өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына таасирин тийгизип, бул өлкөлөрдүн Судан кризисине көбүрөөк аралашуусуна себеп болушу мүмкүн. Бул өлкөлөрдөн тышкары Судандагы кризисти чечүүгө Африка Биримдиги (AfB), Араб мамлекеттеринин лигасы (AL) жана башка аймактык уюмдар да тартылышы мүмкүн. Бирок бардык интервенциялар Судандын эгемендигин сыйлаган жана Судан элинин пайдасына болгон тынчтык маанайда жүргүзүлүшү керек. 

Ушул себептен Судандагы башкаруунун ичиндеги чыңалууну чечүү үчүн тараптардын диалог жана макулдашуу жолу менен кызматташуу түзүүсү, өлкөдө туруктуулукту түзүү үчүн турмуштук мааниге ээ болууда.  Өзгөчө Судандын бардык бөлүктөрүн камтыган бир саясий процесстин баштатылышы жана бул процесс улантууга боло турган бир чечүүчү жол үчүн колдоого алынышы керек.

Судандагы чыр-чатактар ​​Судандын туруктуулугуна коркунуч келтирип жатканы анык. Бирок бул кризисти чечүү үчүн олуттуу саясий эрк жана сүйлөшүү процесси талап кылынат. Болбосо Судан Ливия сыяктуу хаоско жетеленет. Судандын Египет, Түштүк Судан жана Эфиопия сыяктуу коңшулары менен да маселелери бар. Аймакта чыңалуунун күчөшү Судандын келечеги үчүн чоң коркунуч жаратууда.

Эл аралык коомчулук Суданга колдоо көрсөтүп, чыр - чатакты токтотууга аракет кылышы керек. Бирок Судандагы экономикалык кризиске көз жумуп коюуга болбойт. Бул кризис өлкөдөгү саясий кризисти тереңдетип, чечүү процессин кыйындатат. Судандын келечегинен үмүттүү болуу кыйын болсо да, тынчтык жолу менен чечилишинен үмүт үзбөш керек.



Тектеш кабарлар