Мазлум Абди операциясы жана Күрдистан патриоттор биримдиги үчүн фактура төлөөнүн убактысы

Сетанын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу пикири.

1975170
Мазлум Абди операциясы жана Күрдистан патриоттор биримдиги үчүн фактура төлөөнүн убактысы

 Дохукта 2 тик учактын кырсыкка учурашынан кийин Күрдистан патриоттор биримдиги (КЙБ) – ПКК/ЙПГ карым – катнаштары териштирилип андан кийин Түркия КЙБга каршы катуу чараларды көрдү. Ушунун негизинде Сүлеймание аэропортуна каттамдар токтотулуп, артынан аба мейкиндиги толугу менен жабылды. Дал эле учуш учурда  Сүлеймание аэропортунда болгон бир куралдуу учкучсуз учуучу аппарат кол салуусу бардык көңүлдөрдү бул жакка бурду.

Алынган маалыматтын алкагында ПКК/ЙПГнын Сириядагы командири  Мазлум Абдинин конвою бутага алынып, конвойдо АКШ аскерлеринин болгону белгилүү болду.

Сетанын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу пикири.     

Түндүк Иракта жергиликтүү булактар Сүлеймание  аэропортунда жарылуу болгонун билдирип, бардык көңүлдөр бул жакка бурулду. Жарылуунун себеби териштириле баштады. Дохукто ЙПГ мүчөлөрүн ташыган 2 тик учак кырсыкка учурап, ПКК/ЙПГ менен КЙБнын ортосундагы операциялык карым  - катнаш ачыкка чыккандан кийин Түркиянын катуу каршы чыгуусу менен Сүлеймание аэропортуна карата каттамдар токтотулуп, түрк аба аянты жабылды. Так эле ушул учурда Сүлейманиеде болгон жарылуу табигый түрдө көңүлдөрдү бурду.

Жарылуудан кийин басма сөзгө Сирия Демократиялык Күчтөрү СДГ/ ЙПГнын командири Мазлум Абдинин конвоюнун атылгандыгы тууралуу маалыматтар чыга баштады. Муну КЙБ жана ПКК/ЙПГ булактары жалганга чыгарды.  Ал түгүл СДГнын расмий катчылыгы да командирибиз Мазлум Абди Сирияда ишинин башында деп билдирди. Бирок кийинки сааттарда АКШлык аскердик жетекчилер кол салууну ырасташты жана Мазлум Абдинин Сүлейманиеде бутага аланыгнадыгын билдиришти. Билдирүү муну менен эле калган жок. Тийиштүү конвойдо АКШнын 3 аскеринин да бар экендигин айтышты.

Анда эмесе бул болгондордун баары эмне деген маанини билдирет?

 Кырсыкка учураган тик учак, атылган конвойлор ПКК/ЙПГ менен Бафел Талабани лидерлигинде КЙБнын арасында ортого чыккан карым  - катнаштар. Албетте бул бардык карым  - катнаштардын желеси АКШнын колдоосу астында болуп жатат. АКШнын Мазлум Абдини аскердик учактар менен Сүлеймание аэропортуна алып бара жаткандыгы, ал түгүл аны коштогон жана жанына АКШ аскерлерин алуу менен жандуу калкан милдетин аткаргандыгы түшүнүктүү. 

 Түркия болсо Мазлум Абдинин конвоюн атып же эскертүүчү ок атуу менен согуш эрежелерин өзгөрткөндүгүн  АКШ, КЙБ жана ПКК/ЙПГга көрсөткөн болду. Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугун коркута турган АКШнын колдоосу астында жаңы бир оюндун курулгандыгын, мунун актерлору катары ЙПГ жана КЙБнын алдыга чыккандыгын көрүп оюнду буза турган аракеттер менен каршы позицияга өттү. Өзгөчө КЙБга каршы абдан катуу кадамдарды көрө баштадык. Сүлеймание аэропортуна аба мейкиндигин жабуусунан кийин бул жердин атылышы маанилүү көрсөткүч. Бирок мунун уландысы да келе тургандай. Бафел Талабани АКШнын колдоосунда абдан коркунучтуу бир оюнга  киришти. ЙПГны Ирак аянтында мыйзамдуу бир актер катары көрсөтүүсү,  ага мыйзамдуулук бере тургандай иш алып барышы жана аскердик операциялык биргелешкен иштерге киришкени албетте көңүл бураарлык. Муну бир гана Күрдистан демократиялык партиясы КДПга каршы күчтөнүү үчүн жасап жаткан жок, АКШ/Израиль сыяктуу чоң державалар менен камкордук карым  - катнашын түзүп жатат өзгөчө бул жаңы теңдемеде өзүнө роль алууда. Түркияда ыктымалдуу бийлик алмашуусунда бул абалдын Түркияга кабыл алдырыларын  ойлоп же бул багытта шыктандырылган болушу мүмкүн.

Бирок Түркиянын так билдирүүлөрү ташталган кадамдар, Сүлеймание аэропортунун бутага алынышы менен ортого салган жаңы согуштук эрежелери КЙБга каршы чоң бир фактура чыгарды. Түркиянын  мындай аракетинин уландысы да болот. Кубад Талабанинин  Анкарага келип, Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан менен жолугушуусуна да чыгымдарды көзөмөлдөө катары кароого болот. КЙБ Түркиянын талаптарына жооп бербесе жаңы кадамдар менен беттешет. Бул кадамдар бир гана саясий жана экономикалык жактан гана болбойт.



Тектеш кабарлар