Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-33

1974384
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Түрк республикаларында маанилүү иш сапарлар жана жолугушуулар болду. Эми окуяларга ирети менен көз жүгүртөлү.

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-апрель күндөрү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тажикстанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Тажикстандын президенти Имамали Рахман президент Алиевди расмий салтанат менен тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосунда 14 келишимге кол коюлду. Тель-Авивде Азербайжандын элчилиги ачылгандан улам Иран Азербайжанды опузалаган билдирүүлөрдү жасап жаткан күндөрдө президент Алиевдин Тажикстанга мамлекеттик иш сапар менен баргандыгы маанилүү болуп саналат. Айта кетчү жагдай, Азербайжан 4 ирандык дипломатты “персона нон грата” деп жарыялады.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили 7-апрель күнү Азербайжанга иш сапары менен барды. Премьер-министр Гарибашвили Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда лидерлер маалымат жыйынын өткөрүштү. Батышка биргелешип жаратылыш газын экспорттогон Азербайжан менен Грузия эми Европага Кара деңиздин түбүнөн электр энергиясын экспорттоонун деталдарын талкуулашууда.

Ошол эле күнү Баку шаарында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКОнун Улуттук комиссияларынын 9-жыйыны болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарынын актуалдуу маселелери талкууланган бул жыйында ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКОдогу басма сөз катчылыгы жана мөөнөттүү төрагалыгы Түркиядан Азербайжанга өттү.

5-апрель күнү Татарстандын раиси Рустам Минниханов Түркмөнстанга бир күндүк иш сапары менен барды. Рустам Минниханов иш сапарынын алкагында президент Сердар Бердымухамедов, Калк ассамблеясынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен өз-өзүнчө жолугушту. Бул жолугушууларда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Минниханов Түркмөнстандын президентин май айында өтө турган “Орусия-Ислам дүйнөсү: Казан форумуна” чакырды.

Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу 5-апрель күнү Түркмөнстанга иш сапары менен барды. Хисаржыклыоглу Ашхабадда президент Сердар Бердымухамедов менен Калк Ассамблеясынын төрагасы Гурбангули Бердымухамедов тарабынан кабыл алынды. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалы, Түркмөнстандын кичи жана орто ишканаларынын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана алардын эл аралык аренага интеграциясын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

7-апрель күнү Стамбулда Түрк мамлекеттери Соода жана өнөр жай палатасынын биринчи Башкы Ассамблеясынын жыйыны өттү. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы, Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы, Түрк инвестициялык фондунун төрагасы, Соода-өнөр жай палаталарынын төрагалары, мүчө жана байкоочу мамлекеттерден келген делегаттар катышышты. Жыйында Түркиянын Соода жана өнөр жай палатасынын жылдык отчету окулду. Мүчө мамлекеттер менен байкоочу өлкөлөрдөн келген делегаттар Түрк мамлекеттеринин Соода жана өнөр жай палатасынын төрагалыгына Рифат Хисаржыклыоглуну, башкы катчылыгына Адем Куланы шайлашты. Жолугушууда Түндүк Кипр Түрк Республикасы уюмга байкоочу мамлекет катары кабыл алынды. Делегаттар кийинки жыйынды Казакстанда өткөрүү боюнча макулдашышты.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар