Түркияда болгон жер титирөө

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

1945246
Түркияда болгон жер титирөө

     Түркияда 6 - февралда эки чоң жер титирөө болду. Адистердин айтымында, 8 сааттык аралык менен болгон бул жер титирөөлөр дүйнө тарыхында биринчи болуп саналат. Деңиздерде болгон жер титирөөлөргө көңүл бурбасак күчтүүлүгү жактан дүйнө тарыхында болгон эң чоң 10 жер титирөөнүн арасына кирди. Жер титирөөдөн жабыр тарткан шаар саны да абдан көп. 10 башка шаар жер титирөөдөн жабыркады. Түндүк  - түштүк жана чыгыш  - батыш багытындагы таасирин жана жаракаларды эске алганда Германиянын аянтынчалык бир аймак жер титирөөдөн таасирленди. Тактап айтканда жер титирөө Германияда болгондо дээрлик өлкөнүн баары жабыркамак. Бул сандарга жер титирөөдөн жабыркаган 13 жарым миллион кишини кошкондо абал өтө оор.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

   Жер титирөөнүн алгачкы учурунан баштап чоң аракеттер болсо да  бул масштабдагы жер титирөөнүн кыйратуучу таасирине абдан ылдам жана адекваттуу түрдө жооп берүү мүмкүн эмес.Акыйкаттан да 24 саатта жер титирөө менен күрөшүү тууралуу жооптуу болгон бардык мекемелер жер титирөө аймагына жиберилгенине карабастан толугу менен жетиштүү болгон жок. Бирок Түркиянын акыркы жыйырма жылда  өнүктүргөн дараметине көңүл бурулганда бул жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда ийгиликтүү болоорун айта алабыз. Бирок ошентсе да Түркия узун убакытка созула турган процесс менен бетме  - бет.

Бул процесстердин биринчиси жер титирөө себеп болгон кыйроону жок кылуу болот. Биринчи 72 саат абдан маанилүү эле жана бул убакыт аяктап баратат. Он миңге жакын адам куткарылды. Бирок каза болгондордун саны да жыйырма миңден ашты.  Каза болгондордун саны дагы да көп болору ачык. Ушул себептен жер титирөө себеп болгон кыйроонун эң чоң таасири адам өмүрүн алууда болот. Балким да Түркия тарыхынындагы эң чоң жоготуу санына жетиши мүмкүн. Бул сан 1999 – жылдагы Измит жер титирөөсүнөн дагы көп болушу мүмкүн.

Экинчи жагдайлардын бири 13,5 миллион адамдын азыркы учурда жертитирөөдөн жабыр тартышы.Мынчалык адамдын баш калкалоочу жай жана муктаждыктарын камсыз кылуу чындыгында кыйын жана убакытты алат. Башка бир жагдай да жер титирөөнүн социо  - психологиялык өлчөмү. Жер титирөөлөр коомчулуктун маанайына олуттуу таасирин тийгизген табигый кырсыктардын бири. Ковид – 19дун таасиринен кутулган же кутулууга аракет кылган бир коомдун чоң бир апаат менен беттешиши коомчулукта узун убакытка созулган таасир жаратышы мүмкүн. Ошондуктан коомчулуктун психикалык саламаттыгын бекем сактоо жана бул үчүн коомчулуктун  тилектештик ичинде болушу абдан маанилүү. Түрк коому мындай тилектештик үлгүлөрүн буга чейинки табигый кырсыктарда көрсөткөндүктөн, бул жолу да ошол эле рухтун күчтүү түрдө ортого чыгаарын айтууга болот.

Ар бир жер титирөөнүн экономикалык кесепеттери сөзсүз болот.  Түркиядагы бул жер титирөөнүн да экономикалык чыгымы болот. Муну азыртадан эле алдын ала айтуу өтө кыйын болсо да, мындай чоңдуктагы жер титирөөнүн экономикалык чыгымы бир топ жогору болорун алдын ала айтуу кыйын эмес.

Түркияда болгон бул жер титирөө Германиянын аянтынчалык аянтта болду бирок Украина согушунан дагы чоң кыйроого себеп болду. Ушул себептен эл аралык коомчулуктун Түркияга жардам берүүдө активдүү позициясы улантылышы керек.

 



Тектеш кабарлар