Амасья алмасы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-23

1942987
Амасья алмасы

Амасья алмасы

Катталган күнү: 14.03.2019

Түркиянын Кара деңиз аймагында жайгашкан Амасья облусу өзгөчө жыттуу «Амасья алмасы» менен белгилүү. Академиялык изилдөөлөр, аймактагы алма өндүрүүнүн 2000 жылдык тарыхы бар экенин аныктаган. Азык-түлүк, айыл-чарба жана мал чарбачылыгы боюнча облустук башкармалыгынын кайрылуусу менен Амасья алмасы 2019-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Климаты Кара деңиз жана Борбордук Анадолу аймактардыкына окшош болгон Амасья, шаардын ортосунан өткөн Йешилырмак дарыясы оюп өткөн терең өрөөндөн улам микроклимат өзгөчөлүктөрү менен мелүүн климатка ээ. Бул өрөөн жана климаттык өзгөчөлүктөр Амасья облусунда жел согуп, Амасья алмасынын өзгөчө жыты сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн пайда болушунда маанилүү роль ойнойт. Амасья алмасынын гүлү жалбырактары менен кошо гүлдөйт. Ак гүлдөр көбүнчө биринчи ачылганда күлгүн түстө болот. Данектеринин саны беш даана жана алар жылдыз формасында. Ичке кабыктуу, ширелүү жана жыпар жыттуу Амасья алмасы кызыл- ак түстөгү жалтырак жана өзгөчө жыты менен айырмаланат. Сентябрдын экинчи жарымында жыйнала баштаган мөмөлөрдү жакшы шарттарда май айына чейин сактаса болот.



Тектеш кабарлар