Түркия Асад режими менен карым  - катнаштарын нормалдаштырабы?

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажунджун бул тууралуу баа берүүсү.

1936080
Түркия Асад режими менен карым  - катнаштарын нормалдаштырабы?

Сирияда жарандык согуш башталган 2011 – жылдан бери биринчи жолу Анкара менен Дамасктын ортосунда түздөн түз сүйлөшүүлөр башталган мезгилдин ичине кирип жатабыз.

Лидерлердин билдирүүлөрүнөн кийин Москвада коргоо министрлери жана чалгындоо уюмдарынын төрагалары жолугушту. Эми болсо тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу күтүлүүдө.Россия ортомчулук ролун аткарып, Иран менен Бириккен Арап Эмираттары сыяктуу өлкөлөр да процесске кошулууга аракет кылууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажунджун бул тууралуу баа берүүсү.

 2011 -  жылы арап жазынын да таасири менен Сирияда башталган  митингдер, Асад режимине караштуу аскердик күчтөр куралдуу кийлигишүүсү менен жарандык согушка айланды. Иран жана Россия сыяктуу өлкөлөр режимди колдосо, Түркия баш болгон дүйнөнүн басымдуу көпчүлүгү Сирия оппозициясын колдоду. Эркин Сирия армиясынын түзүлүшү менен режимге каршы аскердик каршылык көрсөтүү башталды. Бирок ички кагылышуулар прокси согушуна айлангандыктан, Россия менен Иран режимге аскердик жактан олуттуу колдоо көрсөтүштү. Ирактагы баш  - аламандыктын таасири менен жашап жаткан ДЕАШ Сириянын ичинде жайыла баштады жана оппозициячылдарды бутага алды. АКШ жана батыштык өлкөлөр болсо ДЕАШ менен күрөшүүнү борборго алып, сириялык оппозициячылдарга   берген колдоону токтотушту. Жалгыз калган Түркия болсо Россия жана Иран менен 3 тараптуу механизмди баштатып, Астана процессин түздү. Астана процесси согуштун жеңүүчүсүнүн болбой тургандыгын жана саясий чечимдин зарылдыгын ортого салды. Албетте артта жүз миңдеген кишинин каза болгондугу, миллиондогон кишинин үйлөрүн таштап кеткендиги, Сириянын инфраструктурасы жана суперструктурасы чоң өлчөмдө кыйраган бир уранды бар эле. Бир тараптан да АКШ ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын алдында ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен Евфраттын чыгышындагы аянттарды көзөмөлгө алып бул жерде террор мамлекетин куруу аракетине кирген.

Түркия аткарган аскердик операция менен бул мамлекет деп аталган аймакты курчоого алып Жер Ортолук деңизине  түшүшүнө тоскоол болду бирок коркунуч уланып жаткан.

Жогоруда айтылган  саясий чечүүчү жол, терроризм менен күрөшүү жана качкындар деген теманын алкагында дагы бир жаңы процесс башталгандай көрүнүүдө. Президент Эрдоган Путиндин сунушуна бир мүмкүнчүлүк берип, Асад режими менен сүйлөшүүнү жактырды. Андан соң Москвада коргоо министрлери менен чалгындоо кызматынын жетекчилери жолугушту. Эми Тышкы иштер министрлеринин жакын арада чогулушу күтүлүүдө жана бул процесске Иран менен БАЭнин кошулуу  аракети бар. Бирок тараптардын ортосунда олуттуу тоскоолдуктар бар экенин көрүү керек. Түркиянын негизги талаптары өлкөнүн жеринин бүтүндүгүн бекемдөө, ПККга каршы биргелешкен операцияларды уюштуруу, БУУнун колдоосу менен эл аралык каржылоону түзүү, өзгөчө Халепте талкаланган шаарларды кайра куруу жана качкындардын кайтышы.

Албетте, булардын баарын ишке ашыруу үчүн саясий чечим процессинин улантылышы, жаңы конституцияны түзүү жана оппозицияны бириктирген башкарууну түзүү керек. Бирок режимдин белгилери бул талаптарга эч кандай тенденция жок экенин көрсөтүүдө. Тиешелүү эрктин жоктугу сыяктуу, потенциал барбы же жокпу деген олуттуу суроо бар. Албетте муну менен бирге режимдин олуттуу мааниде кыйналгандыгын, өзгөчө экономиканын толугу менен токтоп, адамдардын азык  - түлүк жана энергетикалык коопсуздугу жагынан кыйналып жаткандыгын да унутпоо керек. Мындан тышкары Россиянын Украина согушунун негизинде пайда болгон жаңы геосаясий тең салмактуулуктар да Түркиянын колун бекемдөөдө. Ушунун негизинде режим түрдүү убадаларды берүүдө кыйналышы мүмкүн. Бирок  Түркиядагы шайлоодон кийин процесстин багыты такталат.



Тектеш кабарлар